700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

  • 17.04.2025
  • 0

Ат-Башы районунда 700дөй окуучунун катышуусунда 21-кылымдын «21 күндүк марафондун олимпиадасы» аталышында билим марафону уюштурулду.

700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

Маалыматка ылайык, бул иш-чара жөн гана сынак уюштуруп коюу эмес, бул ар бир катышкан окуучу үчүн өзүн көрсөтүүгө, өнүгүүгө, келечекке жаңы үмүт менен кадам таштоого, окуучуларды олимпиадага кызыктыруу, өз алдынча онлайн билим алуунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана бүтүрүүчүлөр арасында Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык көрүү максатында уюштурулган.

700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

Марафондо окуучулар 21 күн онлайн окутуудан өтүп, соңунда атайын даярдалган тесттерди тапшырышты.

700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

Рейтинг жыйынтыгы боюнча алдыңкы беш мектеп аныкталды:

  1. Ой-Терскен мектеби — 23.5 упай
  2. Карыбек уулу Акматалы мектеби — 18.7 упай
  3. Абыл Искендеров мектеби — 17.75 упай
  4. Жаналы уулу Абдыракман мектеби — 14.5 упай
  5. Т.Адыраңов мектеби жана А.Осмоналиев мектеби — 14 упайга ээ болушту.

Тесттин жыйынтыгы менен 330 окуучу ийгиликтүү тапшырып, байгелерге ээ болушту.

700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

Марафон  НАНО олимпиадалык окутуу борборунун негиздөөчүсү Улук Ажыбаев Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте уюштурду.

700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

Окуучулардын, келечек муундун  билим алуусуна шыктандыруу максатында Ат-Башы районунун тургуну Жумакадыр Токтосуновдун үй-бүлөсү демөөрчүлүк  кылып, 700 миң сомдук белектерди тапшырды.

700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

Демөөрчүлөр  ар бир окуучу алган баллдарына жараша 13 Планшет, 5 Портативдүү проектор, 4 Велосипед, 28 Смарт саат, 13 Самокат, 20 Скейтборд, 20 Колонка (Bluetooth), 50 Рюкзак, 21 Блендер, 40 Колонка (микрофону менен), 20 Колонка (подставкасы менен), 40 Телефон кармагыч, 10 Свитер, 10 Свитшот, 10 Термос, 10 Повербанк, 10 кулакчын (наушниктерди) тапшырышты.

700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

700 ОКУУЧУ 700 МИҢ СОМДУК БАЙГЕ УТУП АЛЫШТЫ

Сыйлык тапшыруу иш-чарасына Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров катышып, окуучулардын жеңиши менен куттуктап, билимдүү адам өлкөсү үчүн көп жакшы иштерди жасай аларын, өнүгүүгө салым кошоорун, келечекте билимдүүлөр көп ийгиликтерди жаратарын, билим алуу менен гана өлкөбүзгө салым кошо аларын айтып, жалпы окуучуларды жакшы билим алууга чакырды.

Ошондой эле технология өнүгүп жаткан заманда окуучуларды заманбап билим алууга шыктандырып жаткан уюштуруучуларга жана билимдүү келечек муун үчүн демөөрчүлүк кылган инсандарга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик, бекем ден соолук каалады.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер