70 МЕКТЕПКЕ STEM ЖАБДУУЛАРЫ БЕРИЛДИ
- 14.02.2025
- 0
Ага Хан фонду “Мектептер 2030” программасынын алкагында республика боюнча 70 мектепке STEM жабдууларын өткөрүп берди. Иш-чара 13-февралда Бишкектеги профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде болуп өттү.
STEM материалдары математика, биология, химия, физика предметтери боюнча изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жүргүзүү үчүн микроскоп, колба, штатив ж.б. куралдардын жыйындысын камтыйт. Бул демилге 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт жана заманбап талаптарга ылайык окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга зор салымын кошот.
“Мектептер 2030” программасы – Афганистан, Бразилия, Кения, Кыргызстан, Пакистан, Португалия, Тажикстан, Танзания жана Уганда мамлекеттеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жыйынтыктарды изилдөөгө багытталган 1000 мамлекеттик мектепке чейинки, башталгыч жана жалпы билим берүү мекемелери менен иш алып барган 10 жылдык программа.
“Мектептер 2030” программасы Кыргызстандын Чүй, Баткен, Нарын, Ош облустарында жана Бишкек шаарында иштейт. Программа Кыргызстандын 70 мектебин жана 30 бала бакчасын камтыйт.
Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер