671 МИҢ НУСКА АДАПТАЦИЯЛАНГАН ОКУУ КИТЕБИ ЧЫГАРЫЛДЫ
- 14.08.2026
- 0
2026-жылдын 13-августта Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарына «Орус тили жана окуу» предмети боюнча 671 миң адаптацияланган окуу китебин тапшыруунун расмий аземи болуп өттү.

Маалыматка таянсак, окуу китептери 1-, 2- жана 5-класстарда кыргыз жана орус тилдеринде билим алган окуучулар үчүн арналган. Китептер Кыргыз Республикасынын билим берүү программаларынын талаптарын эске алуу менен адаптацияланып, окуу процессинде колдонууга ылайыкташтырылган.

Окуу китептери «Моя история» гуманитардык илимдерди колдоо фондунун демилгеси менен Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин колдоосунун негизинде «Просвещение» басмаканасы менен биргеликте чыгарылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик ишканасынын директору Төлөгөн Аматов жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
Быйылкы 671 миң нуска окуу китеби 1-, 2- жана 5-класстардын окуучуларынын жаңы окуу жылына карата окуу адабиятына болгон муктаждыгын толук камсыз кылууга багытталган.
Белгилей кетсек, долбоор экинчи жыл катары менен ишке ашырылууда. Натыйжада эки жылдын ичинде Кыргызстандын мектептерине 1,3 миллиондон ашык адаптацияланган окуу китеби жеткирилет.
Бул демилге билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, окуучулар үчүн сапаттуу окуу материалдарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана окуу процессин заманбап окуу адабияты менен камсыз кылууга багытталган.
Долбоордун алкагында мындан тышкары эл аралык форумдар, методикалык семинарлар, олимпиадалар, окуучулар үчүн профилдик сменалар жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу программалары өткөрүлүп келет.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер