№66 МЕКТЕП 750 СОМДОН ЧОГУЛТПАЙТ

  • 13.01.2018
  • 0

Бишкек шаарындагы №66 мектеп-гимназиясынын директору Минара Якупова аталган мектепте ай сайын чоң акча чогултулуп жатканы тууралуу Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн маселе боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, анонимдүү маалыматтын жарымы калп.

12-январда «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында депутат Рада Туманбаева социалдык тармакта №66 мектеп-гимназияда акча чогултулуп жаткандыгы жөнүндө анонимдүү маалымат пайда болгонун айткан.

— Автор, мектептеги окуучулардын биринин ата-энеси айына бир балага 750 сомдон төлөнөт деп жазды. Бул коррупциябы, алдамчылыкпы же опузалообу? Мен укук коргоо органдарына бул маалыматты текшерүү тапшырмасын берүүнү суранам. Жарыяда бардыгынын аты-жөнү көрсөтүлгөн, — деди ал.

— Биз чараларды көрөбүз, — деп жооп кайтарган ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

Мектеп директорунун сөзүнө караганда, чынында эле мектепте «Мектептик убак» коомдук биримдиги бар. Анын директору Халида Щерба.

— «Мектептик убак» коомдук биримдигинде ыктыярдуу ата-энелер төлөмдөрүнүн суммасы айына 150 сомдон 500 сомго чейинки каражатты түзөт. Бирок ата-энелердин бир бөлүгү льготаны пайдаланышып, төлөмдөн 100%, 50% бошотулат. Бул категорияга афгандар, баткендер, чернобылдар, жетимдер, аз камсыз болгондор, көп балалуу үй-бүлөлөр кирет. Жыйынтыгында эсепке окуучулардын жалпы санынан 47% түшөт, — дейт Минара Якупова.

Анын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 17-ноябрында класстардагы ата-энелер комитеттеринин төрагалары менен чогулуш өтүп, ата-энелер мектептин өнүгүшү жана мазмунун талкуулашкан.

— Бул жыйналышта ар бир класстан ай сайын 200 сомдон берүү керек деген чечим кабыл алынган. Бул акчалар кир жуучу материалдарга, зыянсыздандыруу каражаттарына кетмек (мектепте дайыма тазалыкты жана зыянсыздандырууну талап кылган 12 даараткана бар). Жылына ар бир окуучудан 150 сомдон кароолчуга — окуучулардын ден соолугунун жана жашоосунун коопсуздугу, жашы жете электер арасында тартип бузууларды алдын алуу жана эскертүү үчүн алынат. Бул чечим «Мектептик убак» коомдук бирикмесинин эсебине аз каражат түшүп жатканына байланыштуу кабыл алынган, — деп билдирди директор.

— Ал финансылык маселелер карала турган ата-энелер чогулушу менен конференциялар «Мектептик убак» коомдук бирикмесинин директору Халида Щерба тарабынан жүргүзүлөт. Аталган коомдук бирикме жыл сайын ата-энелер коомчулугуна кирешелер жана чыгашалар тууралуу финансылык отчетун берет. Отчет менен таанышып чыккан ата-энелерде суроолор болсо, жеке өзү же телефон аркылуу коомдук бирикменин директоруна же болбосо бухгалтерге кайрылышат.

№66 мектеп-гимназиясы 1986-жылы иштеп баштаганын жана мектепти тейлөө каражаттарды талап кылат. Мектепти оңдоп-түзөө иштерине ата-энелер жылына «Мектептик убак» коомдук бирикмесине берген төлөмдөрдөн башка дагы 150 сомдон 500 сомго чейинки акчаларды жыйнашат. Мындан тышкары, «класстык фонд» деп аталган акча чогултуулар бар. Ал жакка канча акча алынарын мектептин директору билбейт. Анын айтымында, класстык фонддорду чогултуп, сарптоо менен класстардын ата-энелер комитеттери алектенет.

«Мектептик убак» коомдук бирикмесинин директору ата-энелер комитеттеринин төрагаларынын тобуна мектептин жайкы карыздарынын тизмесин көрсөткөн. Ата-энелер жардамы аз түшкөндүктөн оңдоп-түзөөчүлөр алдында карыздар топтолгон. Күз-кышка даярдык көрүүдө ата-энелердин каражаттарына жылуулук системасы, электр системалары (щиттер, розеткалар, патрондор), чатырлар оңдоп-түздөлгөн.

— Силер билесиңер, заманбап мектепке видеокөзөмөл керек, бул дагы балдардын ден соолугун жана жашоосун коргоого кирет. Учурда ата-энелер коомчулугунун каражаттарына мектептин коридорлоруна 25, мектептин аймагына 9 видеокамера орнотулду. Жалпы — 34 видеокамера, — деди мектеп-гимназиянын директору.

Төмөндө парламентте талкууга алынып, ага мектептин директору жооп кайтарган ата-эненин анонимдүү каты өзгөртүүсүз берилди:

Асель Токонова

«Здравствуйте. Мои дети учатся в 66 школе. Мы уже третий год платим деньги в фонд «школьная пора». Каждый год директор дает нам отчеты, где каждый год она латает крышу. С каждого ученика они собирают по 500 с. в месяц, а для первоклашек вступительный взнос 2000 с., если посчитать все вместе, выходит очень большая сумма за год. А в школе нет элементарно принтера в учительской. Мы в прошлом году купили принтер для класса. Отдельно от этих 500 сомов собираются деньги 200 с. класса на мыломойку и 150 с. на охрану, хотя в отчете директора есть пункты, что охрана и мыломойка входят в эти 500 с., что платим каждый месяц. Я обращалась в прошлом году в лигу защиты прав ребенка, но так они не смогли ничего предпринять, сказали только, что эти поборы незаконны. Куда родителям еще обращаться? Хотя и пишут, что взносы в фонд школьная пора добровольные, нас заставляют платить деньги, говоря, что, мол, вы сами подписывали договор. Да, подписывали, иначе не приняли бы в школу ребенка, а копию договора нам на руки не дают! Или директор делится с вышестоящими чиновниками, что она такая неприкасаемая? Прошу проверить все эти расходы. И всю школу, кроме кабинета директора нигде нет ни принтера, ни ксерокса. Я пишу специально под фейком, потому что в этой школе у меня учатся дети, и в группе в вотсапе председатель школьной поры высылает нам списки тех, кто не сдал деньги по 500 сомов и принуждает заплатить скорее, так как у школы большие долги.. в школе учатся 2349 учеников…. каждый из них каждый месяц платит по 500 сомов в принудительном порядке. Выходит за год внушительная сумма. Помимо этих денег в фонд школьной поры, раз в год собирается по 500 сомов с каждого ученика на ремонт школы. Или все эти сборы законны? Мне очень неприятно, когда публикуют в группе в вотсапе фамилию моих детей как позорников, которые не могут заплатить за учебу! Несложно посчитать, сколько денег каждый год собирается. Про то, что директору дают взятки на руки это отдельная тема. Прошу разобраться. Спасибо».

Бөлүшүү

Комментарийлер