№61 МЕКТЕПТЕ САЛТАНАТТУУ ЛИНЕЙКА АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫНЫН КАТЫШУУСУНДА ӨТТҮ

  • 15.09.2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы №61 инновациялык физика-математикалык мектебинде өткөн “Биринчи коңгуроо” салтанаттуу линейкасына катышты. Быйыл 256 наристе биринчи жолу аталган мектептин босогосун аттап, алар үчүн алгачкы коңгуроо кагылды. №61 МЕКТЕПТЕ САЛТАНАТТУУ ЛИНЕЙКА АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫНЫН КАТЫШУУСУНДА ӨТТҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө Надира Джусупбекова окуучуларды, мугалимдер жамаатын жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуучуларга терең билим жана албан ийгиликтерди каалады. Өз сөзүндө ал мектептен алган билим жана көндүмдөр келечектеги чоң жетишкендиктердин бекем пайдубалы болуп, бүтүрүүчүлөргө жаңы бийиктиктерди багындырууга өбөлгө түзөрүн өзгөчө белгиледи. Ошондой эле, билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүү жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында министрликтин атынан 10 компьютерге сертификат тапшырды. №61 МЕКТЕПТЕ САЛТАНАТТУУ ЛИНЕЙКА АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫНЫН КАТЫШУУСУНДА ӨТТҮ

Майрамдык салтанаттын коноктору үчүн окуучулар атайын концерттик программа тартуулашты. Анда көркөм ырлар жана чыгармачылык номерлер аткарылып, жогорку класстын окуучулары билим дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштаган бөбөктөргө алгачкы мектеп күнүнө арналган эстелик медалдарын тагышты. №61 МЕКТЕПТЕ САЛТАНАТТУУ ЛИНЕЙКА АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫНЫН КАТЫШУУСУНДА ӨТТҮ

Салтанаттуу линейканын соңунда биринчи класстын окуучулары үчүн салттуу биринчи коңгуроо кагылып, андан соң алар мугалимдери менен бирге класстарга жөнөп, өздөрүнүн алгачкы класстык саатына катышышты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү