60 МИҢДЕН АШУУН СТУДЕНТТИН ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН МААЛЫМАТЫ ББМСКЕ КИРГИЗИЛДИ

  • 13.01.2021
  • 0

Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы (ББМС) – бул электрондук система, максаты маалыматты топтоо, сактоо, иштетип чыгуу, талдоо жана жайылтуу болуп саналат. ББМС дээрлик сапаттуу билим берүү менеджментин жана окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүүгө, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын натыйжалуу пландоого, билим берүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн негиздүү чечимдерди кабыл алууга жана багыттарды корректировкалоого мүмкүндүк берет.

Системанын негизи болуп бардык өткөн класстар/курстар боюнча окуучулар жөнүндө маалыматтар саналат, окутуучулук курам жана алардын жетишкендиктери, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базалары жөнүндө маалыматтар киргизилет.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында колледждерге ББМСке маалыматтарды киргизүү боюнча жана системаны техникалык модернизациялоо боюнча министрликке көмөк көрсөтүлүүдө.

Мезгил-мезгили менен орто кесиптик окуу жайларынынын кызматкерлери үчүн Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын толтуруу боюнча онлайн семинарлар өткөрүлүүдө. Өткөн жылы колледждердин 140 кызматкери окутулду.

Азыркы учурда Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына орто кесиптик окуу жайлардын 52 778 окуучусунун жана 7 373 кызматкеринин маалыматтары киргизилди.

Ошондой эле аталган долбоордун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин ачык маалыматтар порталы түзүлдү (http://open.edu.gov.kg/ion)

Бөлүшүү

Комментарийлер