6-АПРЕЛЬ: БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ҮСТӨЛ ТЕННИСИНИН КҮНҮ!

  • 06.04.2024
  • 0

6-АПРЕЛЬ: БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ҮСТӨЛ ТЕННИСИНИН КҮНҮ!Бүгүн, 6-апрелде үстөл теннисинин бардык күйөрмандарын майрамы менен “Кут Билим” медиа борбору куттуктайт.

Бул спорттун түрүнө — Бүткүл дүйнөлүк үстөл теннисинин күнүнө арналган иш-чаралар, мелдештер өтүүдө.

Көпчүлүк эксперттер үстөл тенниси теннистин түрү катары Англияда пайда болгон деп эсептешет. Көп өтпөй оюн ачык асмандан ойнолуп келген болсо, жаан чачындуу аба ырайынын шартына байланышуу үй ичинде ойноого көчүп,  алар алгач  полдо ойношкон. Кийинчерээк оюндун таасири улам артып, кызыктуу болсун үчүн үстөлдөрдүн үстүнө ойноо ыңгайлуу экенин сезилип,  кары жаш дебей кызыгуу пайда болгон. Жөнөкөй жабдуулар, эң негизгиси оюн кичинекей көлөмү менен каалаган жерде ойноого мүмкүндүк берген.

Анда  оюндун атайын эрежелер жок болчу. Шарлар жиптен түйдөктөлүп жасалган, үстөл үстүнө коюлган китептер  учурдагы тордун милдетин аткарган. Анан калың картон кесимдери ракеткалардын ролун аткарып, топту чабууга пайдаланылган. Алгачкы жылдары бир топ убакытка чейин  оюн спорт түрү катары эмес, бош убакытты жана активдүү эс алуунун каражаты катары гана колдонулуп келген.

19-кылымдын аягында АКШдан келген демилгелүү бир тууган Паркер  бул жаңы оюнга көңүл буруп, ал үчүн ыңгайлуу  жабдууларды жасай башташкан. Ал тургай, алар «пинг-понг” тенниси оюнунун соода белгисин катташкан.

Эки бир туугандын үстөл теннисине болгон укуктарын монополиялап алуу аракетинен улам анын популярдуулугу бир канча убакытка чейин төмөндөп кеткен. Бирок 1926-жылы Эл аралык үстөл тенниси федерациясы уюшулуп, ар кандай мелдештерди өткөрө баштаган. Башка ишканалар үстөл теннисинин ракеткаларын жана  оюн үстөлдөрүн жасап чыгара башташкан.

1988-жылдан бери бул спорттун түрү олимпиадалык спорт түрүнө айланган.

6-АПРЕЛЬ: БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ҮСТӨЛ ТЕННИСИНИН КҮНҮ!Үстөл  тенниси – олимпиадалык спорттун түрү, жарымынан тор менен бөлүнгөн атайын ракеткалар жана оюн үстөлү колдонулган топ менен спорттук оюн. Оюн эки атаандаштын же эки жуп атаандаштын ортосунда өтүшү мүмкүн. Оюнчулардын милдети топту ракеткалардын жардамы менен оюнда чеберчилигин көрсөтүп, топту жерге түшүрбөй атаандашып туруу.

Үстөл тенниси – Бул ылдамдык, шамдагайлык, фитнес, так чечим, күчтү башкаруу, мейкиндикке багыт алуу жана башкалар. Бул жакшы оюнчуга керек болгон көндүмдөрдүн айрымдары .Топ адам көзүнө көрүнбөй калгандай ылдамдыкка жеткен үстөл теннисинин профессионалдык оюнун көрүү укмуштай керемет!

 Үстөл тенниси эрежеси, атайын ракеткаларды жана оюн столун колдонгон спорттук топ оюну. Оюндун узундугу 2,74 × 1,52 м жана бийиктиги 76 см болгон үстөлдүн үстүндө, бийиктиги 15,2 см болгон тор, оюнда эки тарапка ачык кызыл жана кара түстөр менен капталган жыгачтан жасалган ракеткаларды колдонот.

Үстөл тенниси үчүн топ целлулоидден же пластиктен жасалган, топтун диаметри 40мм, салмагы 2,7 гр. Топ ак же кызгылт сары түстө болушу керек. Оюн эки атаандаштын же эки жуп атаандаштын ортосунда өтүшү мүмкүн. Оюнчулардын милдети ракеткалардын жардамы менен оюнда топту кармоо. Ар бир оюнчу столдун жарымында топту бир секиргенден кийин топту атаандаштын столунун жарымына багытташы керек. Эгерде атаандаш топту эрежелер боюнча кайтара албаса, упай оюнчуга же бир жуп оюнчусуна берилет. Ар бир оюн 11 упайга чейин созулат, оюнчулар ар бир 2 ден топ берип алмаша беришет. Эски эрежелерге ылайык, оюн 21 упайга чейин созулуп, оюнчулар беш топ берип кезектешип беришет.

6-АПРЕЛЬ: БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ҮСТӨЛ ТЕННИСИНИН КҮНҮ!20-кылымда топту жана ракеткаларды өндүрүү технологияларынын өзгөрүшүнө жана спортчулардын техникалык чеберчилигинин жогорулашына байланыштуу оюн бир топ өнүккөн. 2020-жылга карата үстөл тенниси 900 миллиондон ашык күйөрмандары  менен планетадагы эң популярдуу спорттун бири катары таанылган.  226 өлкө Эл аралык үстөл тенниси федерациясына мүчө болуп саналат.

Эс алуу спорту катары үстөл тенниси башка спорт түрлөрүнө салыштырмалуу популярдуулугу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат.

Негизги эл аралык турнирлер – дүйнөлүк чемпионат жана Олимпиада оюндары. Пинг-понг аты кээ бир азиялык тилдерде колдонулат. Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапон, Таиланд, Вьетнам жана башка өлкөлөрдө абдан таасирдүү спорт болуп саналат.

Үстөл тенниси дагы биз үчүн келечектүү спорттун түрү, негедир Кыргызстанда бул оюнга анча маани берилбей,мамлекеттик деңгээлде  көңүл бөлүнбөй келе жатат. Ошондой болсо дагы бул спортту Кыргызстанга кеңири жайылтууга , Үстөл тенниси федерациясынын негизделишине коомдук ишмер, Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу генералдык консулу, “KARVEN” компаниялар тобунун жана “Карвен спорт” комплексинин негиздөөчүсү, меценат Генрих Григорьевич Баляндын салымы тоодой. Анын демилгеси жана демөөрчүлүк колдоосу менен республиканын чемпионаттары, эл аралык мелдештер өткөрүлүп келатат.

6-АПРЕЛЬ: БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ҮСТӨЛ ТЕННИСИНИН КҮНҮ!Үстөл тенниси боюнча өлкөбүздүн көп жолку чемпиондору Таласбаев Азамат, Кудусова Саида, Пронская Татьяна, Сагындыков Талгат, Худайбердиев Жасур, Модубашова Элина, Асанкожоев Самат, Алимкулов Марлен жана башка спортчулар Азия чемпионаттарынан катышып, Кыргызстандын намысын коргоп жүрүшөт. Эл аралык мелдештердин көп жолку жеңүүчүсү Якупбаев Алишер Султанбекович учурда башкы машыктыруучу болуп, тажрыйбасын жаштарга бөлүшүүдө. Федерациянын учурдагы президенти Канатбек Тургунбеков бул спортту кеңири жайылтууга аракет кылууда.

6-АПРЕЛЬ: БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ҮСТӨЛ ТЕННИСИНИН КҮНҮ!Азыр өлкөдөгү мектептердин көбүндө спорт-зал бар, ар бир мектепке экиден үстөл сатып берсек эле теннис ойногон, тенниске кызыккандар арбып, бир аз жылда эл аралык мелдештерге массалык түрдө аралашып калат элек. Спорттун башка түрлөрүнө караганда каражатты аз талап кылат, балдардын сергек, шамдагай болуп өсүүсүнө өбөлгө түзөт эле.

6-АПРЕЛЬ: БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ҮСТӨЛ ТЕННИСИНИН КҮНҮ!Кыргыз Республикасынын үстөл теннис федерациясынын жетекчилерине,  кызматкерлерине, билим берүү тармагында эмгектенип, үстөл теннисин кеңири жайылтууга салым кошуп жаткан дене тарбия мугалимдерине,  профессионал студент спортчуларга, үстөл  тенниси спорттун күйөрмандарына албан -албан ийгиликтерди, жеңиштерди, узун өмүр жана чың ден – соолук каалайбыз.

6-АПРЕЛЬ: БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ҮСТӨЛ ТЕННИСИНИН КҮНҮ!Кабыл Макешов, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

“Кут Билим”

 

6-АПРЕЛЬ: БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ҮСТӨЛ ТЕННИСИНИН КҮНҮ!

Бөлүшүү

Комментарийлер