54 БҮТҮРҮҮЧҮГӨ АЛТЫН СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 02.07.2025
Бүгүн ЖРТдан жогорку балл алган 54 бүтүрүүчүгө алтын сертификат тапшырылды.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, бүтүрүүчүлөрдү президенттин атынан куттуктады.
54 БҮТҮРҮҮЧҮГӨ АЛТЫН СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРЫЛДЫ
Мыкты бүтүрүүчүлөргө ноутбуктар белекке берилди. Төрага аларды жоопкерчилик менен кесип тандоого чакырып, алтын сертификат тырышчаактыктын жана чечкиндүүлүктүн жыйынтыгы экенин белгиледи.
Бөлүшүү