478 ОКУУЧУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ

  • 23.04.2021
  • 0

24 – 25-мартта Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтарынын областтык борборлорунда республикалык олимпиаданын III этабы болуп өткөн. Олимпиада 17 окуу предмети боюнча болуп, ага жалпысынан 1 976 окуучу катышкан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаары “кызыл зонага” киргендиги тууралуу билдирүүсүнүн негизинде олимпиаданын IV этабын өткөрүү маселеси COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында каралып, азыркы шартта массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармануу сунушталган.

COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын сунушун эске алып, Билим берүү жана илим министрлиги областтык турда 1, 2 жана 3-орундарга ээ болгон 478 окуучуну 2020-2021-окуу жылынын мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлѳрү деп тапты.

Алардын ичинен биринчи орунду – 155 окуучу, экинчи орунду – 166 окуучу, үчүнчү орунду – 157 окуучу ээледи. 1-орунду багындырган 155 окуучуга I даражадагы дипломдор жана китеп сатып алууга сертификаттар берилет, ал эми 2, 3-орунду ээлеген окуучуларга II жана III даражалардагы дипломдор тапшырылат.

Ошондой эле республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон 264 окуучу – 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылыктарга ээ болушат.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга сынактан тышкары төмөнкүлөр кабыл алынат:

— үстүбүздөгү жылы Олимпиаданын IV этабында I даражадагы диплом алган мектеп окуучулары-11-класстын бүтүрүүчүлөрү Олимпиаданын предмети дал келүүчү табигый илимдер, гуманитардык, социалдык-экономикалык, медициналык, айыл чарба жана техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алардын жалпы республикалык тестирлөөгө катышуусу шартында;

— үстүбүздөгү жылы Олимпиаданын IV этабында II же III даражадагы дипломдорду алган мектеп окуучулары-11-класстын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан учурда Олимпиаданын предмети профилдүү болгон педагогикалык адистиктерге.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер