№45 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ
- 09.08.2019
- 0
Казармандагы № 45 КЛ 1981-жылдан баштап Куланактагы №14 окуу жайдан өз алдынча бөлүнүп № 45 Кесипчилик техникалык жалпы орто билим берүүчү окуу жай болуп ачылган.
Азыркы учурда окуу жай Билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигине карайт.
2001-жылы 2-февралында № 035 берилген күбөлүктүн негизинде кесипчилик лицей статусун алган.
Окуу жайда райондун элинин жана мекеме, ишканалардын талабына ылайык төмөндөгү кесиптер боюнча жумушчу адистер даярдалат.
- Кесиби:Айыл чарба ɵндүрүшүнүн устаты (фермер)
Окуу мɵɵнɵтʏ: 3 жыл. 9-класстын базасында 30 окуучу (уландар)
Адистиги; 2-разряддагы слесарь оңдоочу АБВГД категориясындагы тракторчу- машинисти, «С1»кат.автоунаа айдоочу. Кесипке жана толук орто билимге (диплом, аттестат)ээ болот.
Мындан сырткары кесиптик лицейдин базасында орто билимдин негизинде (11-класстын базасында) тɵмɵндɵгʏ кесиптер 10-айлык окуу мɵɵнɵттɵ бюджеттин эсебинен даярдалат.
– « Компьютерлерди жана кеңсе жабдууларын оңдоо жана тейлѳѳ устаты». 25 окуучу кабыл алынат.
– «Тигүүчү, улуттук буюмдарды жасоочу». 25окуучу кабыл алынат.
– «Ашпозчу, кондитер».30 окуучу кабыл алынат
– «Жыгач уста жана паркеттик жумушчу».25 окуучу кабыл алынат.
3 жылдык мөөнөттө окуган окуучуларга бюджеттин эсебинен тамак-аш берилет жана
« 5, 4-5, 4 » бааларга окугандарга стипендия төлөнөт. 10 айлык мөөнөттө: « 5 ,4-5, 4 » деген бааларга окугандарга стипендия төлөнөт.
б)Айыл кыштактардан келип окуган окуучулар жатакана менен камсыз болот.
в) Окуучуларга окугандыгы тууралуу пособия алууга тактама берилет.
2019-2020-окуу жылына документтерди кабыл алуу мɵɵңɵтү 1-апрелден 25-августка чейин.
Окуу жайда даярдалуучу кесиптер.
Тигүүчү, улуттук буюмдарды жасоочу.
Окуу жайдын дареги: Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы Тоголок-Молдо көчөсү.
Т. Токтоналиев атындагы № 45-кесиптик лицейи 2019-2020-окуу жылына карата төмөндөгү адистер боюнча окуучуларды кабыл алууну баштады. 3-жылдык мɵɵнɵттɵ.
Айыл чарба ɵндүрүшүнүн устаты (фермер) 10 айлык мɵɵнɵттɵ.
– „ Компьютерлерди жана кеңсе жабдууларын оңдоо жана тейлѳѳ устаты“.
– „Тигүүчү, улуттук буюмдарды жасоочу“.
– „Ашпозчу, кондитер“.
– „Жыгач уста жана паркеттик жумушчу“.
Окууга тапшыруучуларга төмөндөгү документтер талап кылынат.
Директордун наамына арыз.
- Билими тууралуу документ: 9-классты бүткөндөр, 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк.
- 11-классты бүткөндөр,11-классты бүткөндүгү,тууралуу аттестат.
- Мед. тактама (086У).
- 3х4 өлчөмүндө 6 сүрөт.
- Евросоюз эл аралык уюму тарабынан бизнес проектинин негизинде окуу жайда даярдалуучу кесиптерге жаңы технологиялык жабдуулар менен жабдылган.
Окуу жайдын материалдык- техникалык базасы окутууга толук жооп берет. Азыркы учурда окуу жайды Сарыгулов Гүлжигит Кеңешбаевич жетектеп келет.
Байланыш телефону: 0773 95 95 23 0770 41 42 41
Комментарийлер