№40 БАЛА БАКЧА КАЙРАДАН БӨБӨКТӨРДҮКҮ

  • 23.04.2024
  • 0

Бишкек шаарындагы №20 мектептин карамагына өтүп кеткен №40 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин кайрадан бөбөктөрдү кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

№40 БАЛА БАКЧА КАЙРАДАН БӨБӨКТӨРДҮКҮ

Маалымдалгандай, учурда аталган бала бакчанын айлана-тегерегин көрктөндүрүү, оюн аянтчаларын жана тосмолорун орнотуу, ички жасалгалоо иштери жигердүү уланууда.

Бул эки кабаттуу бала бакчанын жалпы аянты 2100 чарчы метрди түзөт. Бала бакча 360 балага, 12 тайпага ылайыкталган. Бакчада ымыркайлар тайпасы, кенже курактагы, жогорку тайпадагы жана мектепке чейинки даярдоо тайпалары болот.

Бала бакчада бөбөктөр үчүн оюн-зоок жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастика сабактар үчүн өзүнчө бөлмөлөр бар.

№40 БАЛА БАКЧА КАЙРАДАН БӨБӨКТӨРДҮКҮ

Ошондой эле долбоордун маанилүү элементи катары мектепке чейинки мекемеде медициналык бөлмөлөр, тамак-аш блогу, кир жуучу жай жана тейлөө бөлмөлөрү сыяктуу көмөкчү бөлмөлөр каралган. Ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.

Белгилей кетсек, 1971-жылы курулган №40 бала бакча кайра куруу жылдары баш калаабыздагы №20 мектептин карамагына өтүп, башталгыч класстарын окутуу үчүн колдонулуп келген. 2023-жылдын 25-мартынан баштап кайрадан бала бакча катары бекитилип, бүгүнкү күндө капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер