37 БАЛА 1-КЛАССКА ОТУРУШТУ

  • 04.09.2020
  • 0

Кадамжай районундагы Д.Сыдыков атындагы орто мектебинин 1-классына 2020-2021-окуу жылына карата 37 бала кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мектептин директору Болду Сүйүнова билдирди.

Билим күнүндө аларды мектеп жетекчилиги, мугалимдер, медайымдар тосуп алышты. Окуучулар ата-энелердин коштоосунда беткап менен келишти. Медайым дене табын текшерип, мугалимдер каттоого алгандан кийин, аралыкты сактоо менен класс жетекчилер класска алып киришти.

1-класстардын жетекчилери Махабат Жаныбекова, Юлдизхон Эргешова «Сүйүктүү Кыргызстаным» деген темада сабак өтүп жана окуучулар менен мектепке экскурсия жасашты.

Ал эми 2-11-класстар үчүн класс жетекчилер Zoom программасы аркылуу аралыктан «Бактылуу үй-бүлө — бактылуу коом» деген темада класстык сааттарды өтүштү.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер