“36 МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛАТ”

  • 28.08.2023
  • 0

“36 МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛАТ”
“Санарип билим жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы педагогдордун Август кеңешмесинде окуу процессинин сапатын жогорулатууда мектеп директорунан баштап катардагы ар бир мугалимге чейин маалыматтык сабаттуулук, демилге, технологиялык сабаттуулук, окутуучулук, өзгөрүүгө көнүү, турмуштук көндүмдөр, чыгармачылык мамиле, кызматташтык, социалдык жана маданияттар аралык көндүмдөр, тайм-менеджмент, өндүрүмдүүлүк, сынчыл ой- жүгүртүү, ийкемдүүлүк сыяктуу заманбап компетенцияларга ээ болушу тууралуу сөз болду.

“Мугалимдердин көндүмдөрүн жана билимдерин жакшыртуу максатында кайра даярдоо жана квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу курстарынан өткөрүп турушубуз абзел. Бул багытта Министрлик тарабынан бир топ жумуштар жасалууда. Учурда Кыргызстан боюнча 2225, ал эми Татарстан Республикасынын “Алабуга” эркин экономикалык аймагында 116 мектеп директорлору натыйжалуу башкаруу, STEM – предметтерин окутуу, PISA боюнча квалификациясын жогорулатуудан өтүштү. PISAга даярдоо үчүн функционалдык сабаттуулук боюнча математика, адабият, табият таануу сабактары боюнча тапшырмалардын жыйнактары иштелип чыкты. Окутуунун жаңы усулдары боюнча 1000 англис тили мугалими квалификациясын жогорулатты. 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында дээрлик 41 миң педагогикалык кызматкерлер (мугалимдер, директорлор, тарбиячылар, китепканачылар, методисттер) квалификациясын жогорулатуудан өтүштү. 2023-жылдын 2-жарымында дагы 36 миңге жакын педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу күтүлүүдө”, — деди министр.

 

Гүлнара АЛЫБАЕВА, Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер