30 ЖЫЛДЫК ЛИДЕРЛИК: «АЛА-ТОО» ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ ЖАҢЫРТЫЛГАН ФИРМАЛЫК СТИЛИН СУНУШТАЙТ
- 01.07.2026
- 0
Өзүнүн 30 жылдык мааракесинде «Ала-Тоо» Эл аралык университети (АЭУ) жаңыланган фирмалык стилин тартуулайт. Анын негизги элементи болуп жаңыртылган логотип саналат. Бул өзгөрүүлөр университеттин өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын башталышын билдирип, негизделген күндөн тартып калыптанган салттар менен баалуулуктарын сактоо менен бирге, мындан аркы өсүүгө болгон умтулуусун чагылдырат.

Отуз жылдын ичинде «Ала-Тоо» Эл аралык университети жаш билим берүү мекемесинен Кыргызстандын алдыңкы эл аралык университеттеринин бирине айланды. Бүгүнкү күндө АЭУ дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү миңдеген студенттерди, окутуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана өнөктөштөрдү бириктирип, өзүнүн негизги миссиясына – жаштарга сапаттуу эл аралык билим алууга жол ачып келет.
«Отуз жыл мурун «Ала-Тоо» Эл аралык университети алгачкы студенттерин кабыл алган. Ушул жылдардын аралыгында университет бүтүрүүчүлөрү менен бирге өсүп-өнүгүп, Кыргызстандын алдыңкы эл аралык жогорку окуу жайларынын бирине айланды. Бүгүн биз өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштап жатабыз. Жаңыланган фирмалык стиль – бул жөн гана жаңы логотип эмес. Ал биздин философиябызды, баалуулуктарыбызды жана келечекке болгон көз карашыбызды чагылдырат. Биз университеттин тарыхына болгон урмат-сыйды сактоо менен бирге, визуалдык жүзүбүзгө заманбап өң-түс бердик. Жаңы фирмалык стиль жаңы чакырыктарга даяр экенибизди, алдыга койгон чоң максаттарыбызды жана мындан аркы өнүгүүгө болгон умтулуубузду билдирет», – деп белгиледи «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин ректору Назира Солтонбековна Эсеналиева.
Жаңы логотиптин негизинде университеттин визуалдык өзгөчөлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп келген негизги символдор сакталган. Композициянын борборунда Ала-Тоо тоолору жайгашкан. Алар Кыргызстандын, күчтүн, туруктуулуктун жана жаңы бийиктиктерге умтулуунун символу болуп саналат.
Тоолордун этегинен тараган графикалык сызыктарга өзгөчө маани берилген. Алар билимге алып баруучу жолдорду, билим берүү траекторияларын жана ар бир студенттин турмуштук жолун символдоштурат. Бул сызыктар бири-бири менен кесилишип, кыргыз элинин башкы улуттук символдорунун бири болгон түндүктү түзөт. Түндүк биримдикти жана улуттук салттарды урматтоону туюнтат. Бул образ университеттин миссиясын жана философиясын чагылдырып, өзүнүн тамырын жана маданий өзгөчөлүгүн сактоо менен, «Ала-Тоо» Эл аралык университети студенттер үчүн дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине жол ачат.
Чокулардын үстүндөгү күн билимди, агартууну жана жаңы горизонтторду символдоштурса, композицияны бириктирип турган тегерек дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген студенттерди, окутуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана өнөктөштөрдү бириктирген «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин чоң эл аралык академиялык коомчулугунун ынтымагын билдирет.
Жаңыланган фирмалык стиль университеттин 30 жылдык мааракесине туш келип, ошол эле учурда 2026-жылдагы кабыл алуу кампаниясынын башталышы менен дал келиши да символикалуу мааниге ээ. «Ала-Тоо» Эл аралык университети миңдеген бүтүрүүчүлөр үчүн кесиптик жолдун башаты болду. Ал эми жаңы абитуриенттер үчүн жаңыланган фирмалык стиль өз тарыхын, улуттук маданиятын жана эл аралык баалуулуктарын урматтоо менен келечекке ишенимдүү багыт алган университеттин символу катары калат.
Кошумча маалымат
«Ала-Тоо» Эл аралык университети – Бишкек шаарында жайгашкан Кыргызстандын алдыңкы жана эң абройлуу жогорку окуу жайларынын бири.
Бүгүнкү күндө университетте:
- 5 000 ашуун студент билим алат, алардын 500 жакыны – чет өлкөлүк студенттер;
- дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 300 ашуун окутуучу эмгектенет;
- колледж, бакалавриат, магистратура, аспирантура жана докторантура боюнча 55 ашуун билим берүү программасы ишке ашырылат;
- академиялык алмашуу программаларынын алкагында дүйнөнүн 60 өлкөсүндөгү 140 өнөктөш университет менен кызматташтык жүргүзүлөт;
- 19 кош диплом берүү программалары;
- кызыкчылыктар боюнча 26 студенттик клуб иш алып барат.
Окутуунун негизги тили – англис тили. Мындан тышкары, студенттер алты чет тилин өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, өздөрүнүн академиялык жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтишет.
«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандагы жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү алдыңкы эл аралык компанияларда, мамлекеттик мекемелерде, илимий борборлордо жана коомдук уюмдарда ийгиликтүү эмгектенип келишет.
«Ала—Тоо» Эл аралык университети – Gateway to the World!
Комментарийлер