30 МИҢДЕН АШУУН МУГАЛИМ ЖАҢЫ СТАНДАРТТАР БОЮНЧА ДАЯРДЫКТАН ӨТТҮ

  • 26.08.2025
  • 0

Алдыдагы жаңы окуу жылынын башкы жаңылыгы – “Алтын казык” программасынын алкагында 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүү. Жаңы мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары бекитилип, кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде окуткан мектептер үчүн окуу программалары иштелип чыкты. Бул тууралуу журналисттерге Агартуу минстрлигинин жаңы окуу жылына карата атайын пресс-конференциясында айтылды.

30 МИҢДЕН АШУУН МУГАЛИМ ЖАҢЫ СТАНДАРТТАР БОЮНЧА ДАЯРДЫКТАН ӨТТҮ

Маалымат жыйынында белгилүү болгондой, жайында он миңдеген мугалимдер жаңы стандарттар жана жаңы окуу китептери боюнча окууларды жана курстарды аякташкан. Июль-август айларында гана дээрлик 18 миң мугалим, ал эми жыл башынан бери бардыгы болуп 30 миңден ашууну даярдыктан өткөн. Буга кошумча “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасы менен иштеген 3 миңге жакын мугалим толук жүктөм менен башталгыч класстарга сабак бере баштайт. Бул мугалимдерге болгон муктаждыкты толуктоого жардам берип, кадрларды мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен башталгыч баскычка которууга жол ачат.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 1,2 миң бүтүрүүчүсү мектепте мугалимдик карьерасын баштаары кабарланды.

Эскерте кетсек, быйылкы окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде 1,5 миллиондон ашык бала окуйт. Өлкөдө 2394 мектеп (анын 224ү жеке менчик) бар, аларда 93 миңден көп мугалим эмгектенет. 

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер