30 ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕПКЕ — 300 ТҮРДҮҮ ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДЫК

  • 18.10.2019
  • 0

Кыргызстандагы 30 инновациялык мектепке 300 түрдүү лабораториялык жабдыктар орнотулду

Электрондук окутууну киргизүү үчүн региондорду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасы менен бардык областтарда инновациялык мектептер ачылган. Анын алкагында жалпы билим берүү процессине электрондук жана мультимедиалык технологияны киргизүүнүн пилоттук долбоору башталган.

Учурда өлкөдөгү 30 инновациялык мектеп жаңы окуу эмеректери, акыркы үлгүдөгү компьютерлер, көп функционалдуу каражаттар, интерактивдүү доскалар, сервердик жабдыктар жана видеоконференциялык байланыш системалары менен камсыздалды. Бул Азия өнүктүрүү банкынын “Cекторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун негизинде ишке ашты.

Илимий багыттагы предметтерди окутуунун сапатын жогорулатуу максатында аталган инновациялык мектептер жалпы 300 түрдүү лабораториялык каражаттар менен жабдылды. 30 мектеп интернетке туташтырылып, ар биринде локалдык желе бар.

Бул мектептердеги информатика мугалимдеринин потенциалын бекемдөө үчүн аймактык билим берүү институттарынын жана областтык методикалык борборлордун адистери тарабынан окутуу уюштурулган. Алар сервердик инфраструктураны орнотуу, тууралоо долбоордун алкагында ачылган мультимедиалык класстарды өздөштүрүүнү үйрөнүшкөн.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер