КЭЭ БИР БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ БИР КҮНГӨ ОНЛАЙН ОКУЙТ

  • 25.11.2021
  • 0
КЭЭ БИР БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ БИР КҮНГӨ ОНЛАЙН ОКУЙТ

28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоолорду уюшкандыкта өткөрүү максатында кээ бир билим берүү уюмдарынын (мектеп, бала бакча, университет ж.б.) имараттарында участкалык шайлоо комиссияларын убактылуу жайгаштырууга уруксат берилген.

Шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү участкалык шайлоо комиссиясы жайгаштырылган билим берүү уюмунун имаратында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу участкалык шайлоо комиссиялары убактылуу жайгаштырылган билим берүү уюмдары гана 29-ноябрда бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт. Ал эми калгандары өз ишин кадимки режимде, салттуу форматта уланта беришет.

Учурдан пайдаланып, коомчулукту окуу процессине байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматтарга гана таянууга чакырабыз.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер