№29 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕ ТУУРА КАДАМ ЖАСАЙСЫЗ!

  • 30.04.2026
  • 0

Азыркы доор – бул тез өзгөрүүлөрдүн жана чексиз мүмкүнчүлүктөрдүн заманы. Бүгүнкү жаштар үчүн эң маанилүү кадамдардын бири – бул туура кесип тандоо. Анткени кесип – бул жөн гана жумуш эмес, бул адамдын жашоосунун багыты жана жаркын келечегинин бекем пайдубалы.

Көпчүлүк учурда жаштар жогорку окуу жайына тапшырууну жалгыз жол катары көрүшөт. Бирок турмуш көрсөткөндөй, эмгек рыногунда эң көп талап кылынган адистер – бул практикалык көндүмдөргө ээ болгон кесип ээлери. Дал ушундай квалификациялуу адистерди даярдоодо №29 кесиптик лицейдин ролу абдан чоң.

№29 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕ ТУУРА КАДАМ ЖАСАЙСЫЗ!

№29 кесиптик лицей жөнүндө

Заманбап билим: Биздин лицей заман талабына жооп берген, сапаттуу билим берген кесиптик окуу жайлардын бири.

Кыска убакыт, бийик натыйжа: Бул жерде жаштар өздөрүнө жаккан кесипти тандап, эки жыл жана 10 айдын ичинде кесипкөй адис болууга мүмкүнчүлүк алышат.

Практикага басым: Билим берүү теория менен гана чектелбестен, практикага өзгөчө көңүл бурулат. Окуучулар заманбап жабдуулар менен иштеп, чыныгы өндүрүш шарттарында тажрыйба топтошот.

Ар бир сабак – бул келечектеги кесипке болгон ишенимди арттырган кадам.

Натыйжада, бүтүрүүчүлөр жумушка оңой орношуп, өз алдынча иш баштоого да даяр болушат. №29 кесиптик лицейи сиздин келечегиңиздин башаты!

Кара-Кулжа районундагы №29 кесиптик лицейи сиздерди келечектүү жана суроо-талапка ээ болуучу кесиптерге окууга чакырат!

Биздин лицейде төмөнкү мүмкүнчүлүктөр менен сапаттуу билим ала аласыздар:

  • заманбап технологияларга ылайык кесиптик даярдоо;
  • практикага багытталган окутуу;
  • тажрыйбалуу окутуучулар курамы;
  • өндүрүштүк практика менен камсыз кылуу;№29 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕ ТУУРА КАДАМ ЖАСАЙСЫЗ!

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек?

Мамлекеттик үлгүдөгү диплом;

Жумушка орношууга жардам;

Ыңгайлуу окуу шарттары;

Кесипти кыска мөөнөттө өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү.

Биз төмөнкү кесип ээлери болууну сунуштайбыз:

Бюджеттик негизде 9-класстын базасында 2 жылдык мөөнөттө төмөнкүдөй адистерди даярдап чыгарат:

  1. ✔Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (фермер); Тракторист-машинист; “С” категориясындагы автоунаа айдоочу;
  2. ✔Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору;
  3. Бюджеттик негизде 11-класстын базасында 10 айлык мөөнөттө төмөнкүдөй адистерди даярдап чыгарат:
  4. 3-разряддагы ширетүүчү (Электр газ менен ширетүүчү), С”категориясындагы автоунаа айдоочу;
  5. Жаныбарларды ветеринардык тазалоо боюнча оператору, С”категориясындагы автоунаа айдоочу;
  6. 3-разряддагы электр жабдууларын оңдоо тейлөө боюнча электромонтер, С”категориясындагы автоунаа айдоочу;

Стипендия алуу мүмкүнчүлүгү бар. 🎯Алыскы аймактардан келген окуучулар үчүн жатакана мүмкүнчүлүгү каралган.

  • Кыска мөөнөттүү акы төлөп окуу үчүн курстар:
  1. “В” категориясындагы авто унаа айдоочу, окуу мөөнөтү – 10 ай;
  2. “С ” категориясындагы авто унаа айдоочу, окуу мөөнөтү – 10 ай;
  3. Тигүүчү, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  4. Ветеринария, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  5. Электромонтер, окуу мөөнөтү – 3 ай;
  6. Электр-ширетүүчү, окуу мөөнөтү – 3 ай.

Дарек: Ош облусу,

Кара-Кулжа району,
Кара-Кулжа айылы, А.Исманов көчөсү, 96, №29 кесиптик лицейи

Байланыш үчүн:
0 772 683 795,
0 771 748 410, 0 777 858 380

Kesiptik.lisei.29

№29 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕ ТУУРА КАДАМ ЖАСАЙСЫЗ!

Бөлүшүү

Комментарийлер