№29 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

  • 02.08.2019
  • 0

№29 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

Урматтуу абитуриент!

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы №29 кесиптик лицей Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы жалпы билим берүүчү жана кесиптик борбор болуп эсептелет.

Биздин лицей мыкты адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Урматтуу мектеп бүтүрүүчүлөрү, эгер сиздер базар экономикасынын талаптарына жооп бергидей кесипкөй адис болгуңуз келсе, биз сиздерди Кара-Кулжа районундагы №29 кесиптик лицейден күтөбүз.

  1. Бюджеттик негизде 9-класстын базасында 3 жылдык мөөнөттө төмөнкүдөй адистерди даярдап чыгарат:
  2. Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (фермер); Тракторчу-машинист; “С” категориясындагы автоунаа айдоочу.

Окуу мөөнөтү:   3 жыл.

  1. Бюджеттик негизде 11-класстын базасында 10 айлык мөөнөттө төмөнкүдөй адистерди даярдап чыгарат
  2. Электр тетиктерин оңдоочу 3-разряддагы электромонтер; “С” категориясындагы автоунаа айдоочу;
  3. 3-разряддагы электр-газ ширетүүчү; “С” категориясындагы автоунаа айдоочу;
  4. 3-4-разряддагы тигүүчү;
  5. Кенже ветеринардык фельдшер; “С”  категориясындагы автоунаа айдоочу;
  • Кыска мөөнөттүү акы төлөп окуу үчүн курстар
  1. “В” категориясындагы авто унаа айдоочу, окуу мөөнөтү 2,5 ай.
  2. “В,С ” категориясындагы авто унаа айдоочу, окуу мөөнөтү 3,5 ай.
  3. Тигүүчү, окуу мөөнөтү 3 ай.
  4. Ветеринария, окуу мөөнөтү 3 ай.
  5. Электромонтер, окуу мөөнөтү 3 ай.
  6. Электр-ширетүүчү, окуу мөөнөтү 3 ай.

 №29 кесиптик лицей – ийгиликтин башаты.

Урматтуу абитуриенттер, сиздер алдыңкы окуу жайдан окуйбуз десеңиздер, биздин лицейге келиңиздер. Бизде алыстан келип окуган окуучулар үчүн заманбап жабдыктар менен жабдылган, евро ремонттон өткөн 60 орундуу жатакана бар, 3 жылдыктар үчүн 200/300 сом өлчөмүндө стипендия, 10 айлыктар үчүн 300-500 сом өлчөмүндө стипендия, 3 маал ысык тамак-аш берилет. Окуу жайдын китепканасында жаңы окуу китептер жетиштүү. Компьютердик окуу классы интерактивдүү такта менен, андан сырткары ширетүүчү, ветеринар, электромонтер тайпаларына практикалык сабак өтүү үчүн кабинеттер жаңы жабдыктар менен камсыздалган. Лицейдин техникалык базасы “В” жана “В,С” категориясындагы автоунаа айдоочулар үчүн автодром (полигон), 1 ГАЗ-52 авто машина, 1 МТЗ-82К трактору жана пресс-жыйнагыч, жана жер айдоо үчүн ПЛ- 3,5 маркасындагы соко, ВАЗ — 07 маркасындагы жеңил автоунаалар менен толукталды.

Кесиптик лицейге тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер:

  1. Директордун наамына арыз)
  2. Билими жөнүндөгү документтин түп нускасы.
  3. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
  4. Үй-бүлөсү тууралуу жашаган жеринен маалымкат.
  5. Медициналык 0 – 86 формадагы маалымкат.
  6. 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт.
  7. Ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү.

Биздин дарек: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, А.Исманов көчөсү, 98

Ишеним телефондору:  0773829060 0774341961 0703102953

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер