ТҮРКИЯ КЫРГЫЗСТАНДА ТАШТАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ИШКАНА КУРАТ

  • 24.08.2021
  • 0

Бишкек мэрияcы түрк фирмасы менен борбордогу  таштанды полигонунун аймагына таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруу боюнча келишимге кол койду.

Маалыматка ылайык, бүгүн борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев таштанды полигонунун аймагын көрдү.

Белгилүү болгондой, түрк компаниясы мындай объекттерди курууда чоң тажрыйбага ээ. Компаниянын Түркиядагы таштандыларды кайра иштетүүчү 18 ишканасы бар. Белгиленгендей, завод калдыктарды сорттоодон иштетүүгө чейин толук циклге ээ болот.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер