№26 БАЛА БАКЧАНЫН КОШУМЧА КОРПУСУ КУРУЛУП ЖАТАТ

  • 17.08.2023
  • 0

Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын бири Киргизия-1 конушунда жайгашкан №26 бала бакчанын кошумча корпусунун курулуш иштери уланууда.

Учурда оюн аянтчаларын куруу, ички тазалык техникасы, электр монтаждоо, жылытуу, шыбак жумуштары жүрүүдө. Андан тышкары фасад жумуштары башталды.

№26 БАЛА БАКЧАНЫН КОШУМЧА КОРПУСУ КУРУЛУП ЖАТАТ

Бул эки кабаттуу бала бакча 140 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр. Мындагы кийинүүчү, оюн ойноочу, уктоочу бөлмөлөр, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер бөлмөсү, ашкана, изоляциялоо бөлмөсү, жабдууларды тазалоо үчүн кампа сыяктуу бардык керектүү жайлар бала бакчанын имаратынын биринчи жана экинчи кабаттарда жайгашкан. Андан тышкары,  спорт залы, музыка жана ыр сабактары үчүн атайын зал да каралган.

А.К.

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер