​№24 МЕКТЕПТЕГИ МЫЙЗАМСЫЗ МИЛЛИОНДОР: ПРОКУРАТУРА КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОДУ

  • 12.06.2026
  • 0

​Бишкек шаардык прокуратурасы борбордогу №24 мектепте ата-энелерден мыйзамсыз акча жыйноо фактысын аныктады. Бул аракеттер Президенттин «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылуу жөнүндөгү» Жарлыгына каршы келет.

​Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери «мектептин ремонтуна» деп ата-энелерден жалпы 1 131 450 сом чогултушканы белгилүү болду. Кызыгы, бул каражаттын бир бөлүгү мектеп кызматкеринин үйүндө сакталып келген.

Азыркы тапта: Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер