КАРАКОЛДОГУ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН ӨТҮҮДӨ

  • 29.07.2026
  • 0

Каракол шаарында Т. Сатылганов атындагы мектеп-интернатта капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КР Курулуш министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, иштер республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен каржыланууда. Объекттин жалпы сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Учурда объектиде курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Белгиленгендей, чатыры толугу менен алмаштырылып, ички жасалгалоо иштери аткарылып жана инженердик тармактарды алмаштыруу жүрүп жатат.

Мектеп-интернаттын жалпы аянты 10 650 чарчы метрди түзөт. Комплекс үч корпустан турат. 1963-жылы курулган имарат 800 окуучу ордуна ылайыкталган. Иштетилген бүткүл мезгил аралыгында объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес.

Ошондой эле капиталдык оңдоонун алкагында имараттын фасады жана ички бөлмөлөрү жаңыланып, инженердик тармактар толугу менен алмаштырылып, окуу кабинеттери, китепкана, ашкана жана жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык модернизацияланат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер