24-ФЕВРАЛЬ – ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН КҮНҮ

  • 24.02.2023
  • 0

 24-ФЕВРАЛЬ – ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН КҮНҮ

1996-жылы 24-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен Ош технологиялык колледжи Ош технологиялык университети болуп түзүлгөн. Бул күндүн урматына арналган майрамдык салтанат ОшТУнун башкы корпусунун алдында таң эртеден башталды.

Иш-чарага ОшТУнун жалпы жамааты жана студенттер катышып, алгач окуу жайдын ректору Ж. Турсунбаев бүгүнкү күн менен куттуктап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө көп убакыттан бери салым кошуп келе жаткан университеттин бүгүнкү күндө бир эле биздин мамлекетте эмес чет өлкөлөрдө да белгилүү орду бар экендигин белгиледи. Университетте көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан агайлар жана эжекелер ушул күнгө жетиш үчүн алтымыш жыл аралыгында коомдун ар кайсы кырдаалдарын басып өтүп, куттуу окуу жайга айлангандыгын айтышты.

Ош технологиялык университетинин тарыхы 1963-жылы, Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин түштүк регионунудагы жаштарды жогорку техникалык билимге тартуу максатында каралган иш-чаранын токтомунун негизинде Ош шаарында жалпы техникалык бөлүм ачуу менен башталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер