№24 БАЛА БАКЧА ТОКМОК ШААРЫНЫН МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИГИНЕ ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛДИ

  • 01.04.2022
  • 0

Чүй облусунун Токмок шаарынын №1 кичи районунда жайгашкан  №24 бала бакча Токмок шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Тийиштүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Чүй облусунун Токмок шаарынын тургундарын мектепке чейинки мекемелер менен камсыздоо максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине  ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясына № 24 бала бакчанын имараттарын жана курулуштарын муниципалдык менчикке кабыл алып, кабыл алынган мүлктү максаттуу пайдалануу менен аны күтүү жана мындан ары тейлөө жагын камсыз кылуусу тапшырылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер