БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ КООГАЛАҢДА ЖАБЫРКАГАН МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

  • 03.05.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусунун Баткен шаарындагы Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты. 

Министр Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы мектепте, Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте, А. Имаров атындагы мектепте жана Кызыл-Топу мектебинде жергиликтүү эл менен жолугушту.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ КООГАЛАҢДА ЖАБЫРКАГАН МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

Мындан сырткары министр Баткен районундагы №57 кесиптик лицейде баш калкалоого аргасыз болгон эл менен жолугуп, аларга түзүлгөн шарттар менен таанышты. Муну менен катар Ак-Сай айылындагы М. Ходжаев, Ак-Татыр айылындагы Ж. Момунов атындагы жабыркаган мектептердин абалын дагы көрдү.

Ошондой эле министр Бейшеналиев Лейлек районуна барып, Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак мектебинде эл менен жолугушуп, каргашалуу окуядан жабыр тарткан «Максат» орто мектебинин жана «Сейтек-Максат» балдар бакчасынын абалы менен таанышып чыкты.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ КООГАЛАҢДА ЖАБЫРКАГАН МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

Эске сала кетсек, куралдуу кагылышуу маалында Максат айылындагы «Максат» орто мектеби талкаланып, жараксыз абалга келген. Буга чейин бул мектепте 200-300 окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенген.

Бейшеналиев белгилегендей, мектепти кайра оңдоо иштери жакынкы убакта башталат. «Жаңы окуу жылынын башында балдардын мектепке барып билим алышына шарт түзүүгө аракет кылабыз», – деди министр.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер