23-МАЙГА КАРАТА 1-КЛАССКА БАЛДАРДЫН 37% КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 24.05.2023
  • 0

КР билим берүү жана илим министрлигинин  ЖМКтар менен иштөө бөлүмүнүн берген маалыматына караганда, 2023-жылдын 10-апрелинен 23-майына чейин билим берүү мекемелерине электрондук каттоонун маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына 67 миң 893 бала катталган.

2023-2024-окуу жылына карата 2 миң 84 мектепте 185 миң 549 орун каралган.

23-майга карата электрондук каттоо боюнча эң жогорку активдүүлүк — Нарын облусунун Жумгал районунда (балдардын 67%ы катталган), ал эми эң төмөнкү көрсөткүч – Баткен облусунун Сүлүктү шаарында белгиленген (21%). Республика боюнча 999 бала мектепке кабыл алууну күтүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-класстарына электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, биринчи этапта балдар ата-энелери катталган дарекке тийиштүү мектепке катталса (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этапта ата-энелер бош орундары бар каалаган мектепти карабай (26-июндан 31-августка чейин) тандай алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер