23 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРЛОРУ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

  • 22.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунда республикадагы 23 кесиптик лицейдин жаңыдан дайындалган директорлору “Жетекчилердин заманбап билим берүү системасындагы кесиптик компетенциялары. Жаңы кесиптик стандарттарды жайылтуу” программасы боюнча квалификациясын жогорулатышты.

23 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРЛОРУ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүльнур Мамырова жана Республикалык илимий-методикалык борборунун директору Акпаралы Карабаев квалификация жогорулатуу курсунан өткөн лицейлердин директорлоруна , 20-февралда окуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттарды тапшырды.

“Биз жаңыча көз карашта иштөөгө багыт алдык, артка жол жок. Сиздер иштеген мөөнөт тынымсыз жаңылануу, өзгөрүү мезгилине туш келгендиктен, алгач жетекчилер өздөрү билимин жогорулатып турууга тийиш. Ошондуктан эмгек жамаат менен жаңы форматтагы программа менен жаңыча багытта иштөө зарыл. Бул бүгүнкү замандын талабы”, — деди Гүльнур Мамырова.

Квалификация жогорулатуу курсу 2023-жылдын 13-февралынан 21-февралына чейин созулуп, төмөндөгү темалар камтылган:

  • Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук документтер;
  • Башкаруу жана анын компоненттери;
  • Билим берүү тармагындагы маалыматтык технологияларды башкаруу;
  • Стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу;
  • Жетекчилердин финансылык сабаттуулугу;
  • Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башкаруунун негиздери.
Бөлүшүү

Комментарийлер