23-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КҮНҮ!

  • 23.06.2025
  • 0

Бүгүн, 23-июнда дүйнө жүзү Эл аралык олимпиада күнүн белгилеп жатат. Ушул күнү доорубуздагы эң таасирдүү уюм- Эл аралык Олимпиада Комитети түзүлгөн. Кыргызстан эгемен өлкө болгону Улуттук Олимпиада комитети 1991-жылы түзүлүп, Эл аралык Олимпиада Комитетине 1993-жылы мүчө болуп, 1993-жылдан бери олимпиада күнү белгиленип, спорттук иш-чаралар өткөрүлүп келатат.

23-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КҮНҮ!Бүгүн дагы ошол салт уланып, Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы “Барчын” пансионатында Эл аралык Олимпиада күнүнө арналган өспүрүмдөр арасында жеңил атлеткалык жарыштар өтүүдө. Массалык жарыштарга 500дөн ашуун жаш жөө күлүктөр катышып жатканын Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин спорттук директору Марат Аскарбеков “Кут Билим” медиа борборуна билдирди. Мелдештин бардык катышуучуларына Улуттук Олимпиада комитетинин атынан белектер берилип, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

23-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КҮНҮ!Бүгүнкү Эл аралык олимпиада күнүнүн таржымалы мындай болгон.

1892-жылы 25-ноябрда заманбап Олимпиада кыймылынын башында турган Пьер де Кубертен  Франциянын Сорбонна университетинде Олимпиада оюндарын кайра жандандыруу боюнча  сөз  сүйлөгөн. Ал ушунчалык ынанымдуу жана жалындуу сүйлөгөндүктөн француз спорт ишмерлери дароо макул болбосо да, Эл аралык атлетикалык Конгрессти өткөрүүгө жана ага спорттук ири мамлекеттердин өкүлдөрүн чакыруу чечимин кабыл алышкан. Бул үчүн дүйнөдөгү эң кадыр барктуу спорт ишмерлеринин баары менен оюндардын эрежелерин жана көз караштарын макулдашуусу керек болгон. Жыйынга он өлкөдөн, анын ичинде Орусиядан өкүлдөр барган. Тарыхый спорттук форумдун жыйынын салтанаттуу ачылыш аземине эки миң адам катышкан.

23-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КҮНҮ!1894-жылы 23-июнда  Париждеги Эл аралык атлетикалык Конгрессте  Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) түзүлгөн. Албетте, сиздер бул азыр абдан белгилүү  уюмдун  кыскартылышын ЭОК деп билесиздер. Конгресстин отурумунда  эки жылдан кийин биринчи Олимпиада оюндары өткөрүү тууралуу тарыхый чечим кабыл алган! Ал эми бул дүйнөлүк спорт үчүн- чоң жеңиш, Пьер де Кубертендин улуу эрдиги болгон.

Андан бери бир кылымдан ашуун убакыт өттү. 1994-жылды Бириккен Улуттар Уюму ЭОКтун Олимпиада идеалынын 100 жылдыгынын жылы деп жарыялаган. Дүйнөлүк коомчулуктун жогорку органы болгон БУУ  байыркы мурас жана тынчтыкты сактоо салты катары бардык мамлекеттерди Олимпиадалык келишимди урматтоого чакырган. 23-июнь жыл сайын дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө, анын ичинде 1993-жылдан бери Кыргызстанда дагы Олимпиада күнү катары салтанаттуу түрдө ар жыл сайын белгиленип, массалык мелдештер өткөрүлүп келет.

23-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КҮНҮ!Олимпиада оюндарын кайра жаратуу идеясын ишке ашырган Пьер де Кубертин жаратман, чечкиндүү жана күжүрмөн уюштуруучу болгон.  Ал олимпиаданы кайра жандардыруу үчүн континенттен континентти кыдырып, каттарды жазып, жалындуу сөздөрдү сүйлөгөн. Бул да анын демилгесинин, аракетинин жыйынтыгы  натыйжалуу болгон. Бирок анын негизги эмгегин башкача да элестетсек болот. Ал байыркы Грецияда башталып, унутулуп калган олимпиадалык кыймылды кылымдарга созулган бийик керемет имарат катары кайра кура алды. Бул адамзат коомчулугунун сыймыгы, улуу дөөлөтү болуп калганы менен баалуу.  Бул  дүйнөлүк Олимп “имараттын” тургузуп жатканда Пьер де Кубертен  жаратман “прораб” гана эмес, андан да маанилүү башкы архитектору катары да таанылды. Анын шыктанган ой-тилектери оюндардын философиясынын негизин түзгөн. 1912-жылы айтылган сунушуна ылайык, бул кыймыл  Олимпизм деп аталат. Олимпизмдин эң маанилүү идеяларынын бири мына ушундай спорт, маданият, илим, искусство менен эң сонун керемет күчтүү, бекем жуурулушууга айкалышып, дүйнө жүзүндө Олимпиада кыймылы деп аталып калды.

Кубертен 1912-жылы Олимпиада оюндарына арналган көркөм сынакта эң жогорку сыйлыкка жана алтын медалга ээ болгон «Олимпиадалык ода» аттуу абдан маңыздуу, адабий чыгармасын жаратып, спорт биздин жашоодогу туруктуу шеригибиз, чыныгы жана ишенимдүү досубуз экенин баяндап, олимпиада оюндарынын зоболосун көтөрүп, жаштарды бийиктиктерге шыктандырып, жеңиштерге үндөгөн. Эгер ага ишенген болсоңуздар,  акыл-эсиңиз менен денеге берген кубанычты, күч-кубатты, кайталангыс энергияны аласыздар.

Азыр бардыгы олимпиадалык эн белгилерди жакшы билишет. Алар- беш континенттин ар биринин биримдигин, ынтымагын, достугун камтыган көп түстүү чырмалышкан беш шакек, Олимпиада анты, Олимпиада отун жагуу салты, олимпиаданын ачылыш жана жабылыш салтанаттары. Мунун бардыгы Пьер де Кубертен ойлоп тапкан эң баалуу табылга. 29 жыл бою Кубертен ЭОКтун туруктуу президенти болгону анын абдан чоң мезгилдин жемиши, жигердүү иш-аракетинин акыбети.  Ал олимпиада кыймылындагы эң маанилүү документтин Олимпиадалык хартиянын да автору болуп саналат. Улуу, залкар инсан Кубертендин сөөгү Швейцариянын Лозанне шаарында Эл аралык Олимпиада Комитетинин башкы кеңсесинен анча алыс эмес жерде коюлганын дагы айта кетели. Пьер де Кубертендин керээзи боюнча анын жүрөгү Грецияда Олимп оюндардын мекенинде тарыхый Олимпия жергесинде коюлган.

23-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КҮНҮ!-Ал эми кыргызстандык спортчулар 1960-жылы Рим шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндардан бери олимпиадалык таймашууларга катышып келүүдө. Кыргызстандык алгачкы олимпиадачы, ат спортунун чебери Сайботтал Мурсалимов болгонун да айта кетели. Кыргызстандык спортчулар совет доорунда СССРдин жана КМШ өлкөлөрүнүн курама командасынын катарында  Рим, Токио, Мехико, Мюнхен, Монераль, Москва, Сеул, Барселона шаарларында өткөн жайкы олимпиада оюндарына катышып, 11 алтын, 4 күмүш, 2 коло медаль утуп алышкан. Ал эми Кыргызстан эгемен өлкө болгону 1996-жылы  АКШнын Атланта шаарында өткөн жайкы олимпиада оюндарына алгачкы ирет өз алдынча команда болуп катышкан.  Эгемен Кыргызстандын олимпиадалык байге эсебин 2000-жылы Сидней олимпиада оюндарында дзюдо боюнча коло медаль уткан казак балбаны Айдың Смагулов ачып берген.  2008-жылы Бээжин олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев күмүш медаль, Руслан Түмөнбаев коло байге утса, 9 жылдан кийин эркин күрөш боюнча Базар Базаргуриевге коло медаль ыйгарылган. 2021-жылы Токио олимпиадасында балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш байгелүү болсо, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынганы эсиңиздерден чыга элек болсо керек. Ал эми, былтыр 2024-жылы Париж олимпиадасында балбан кыз Мээрим Жуманазарова менен бокс чебери Мунарбек Сейитбек уулунун жылдызы жанып, финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болуп, кыргызстандык күйөрмандарды сүйүнткөн. Париждеги күч сынашууларда балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков үчүнчү орундарды камсыз кылып, коло байгелүү болушкан.  Эми кезектеги жайкы олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылы болмокчу. Балким, спортчулар жакшы даярдык көрсө көптөн күткөн алтын медалдарды утуп алышы да мүмкүн,-дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада Комитетинин Президенти, бокс боюнча СССР спорт чебери Үмбөталы Кыдыралиев.

23-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КҮНҮ!

23-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КҮНҮ!Жакында мектеп окуучулары жана жаштар үчүн дагы бир жагымдуу жаңылык болгону турат. Олимпиада оюндарынын тарыхы жана кыргызстандык олимпиадачылар тууралуу «Олимпиада санжырасы» деген китеп даярдалып, басууга берилгени жатат.

23-ИЮНЬ-ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КҮНҮ!Олимпиадалык кыймылга салым кошуп, ден соолук үчүн да спорт менен машыгалы!

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер