Бишкекте кыргызстандык жана россиялык педагогдордун эл аралык форуму өтүүдө

  • 12.05.2026
  • 0

Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарындагы Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институт базасында Кыргызстан менен Россиянын мугалимдеринин IV Эл аралык форуму башталды. Иш-чара эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын чыңдоого, педагогдордун кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган.

Бишкекте кыргызстандык жана россиялык педагогдордун эл аралык форуму өтүүдө

Форумга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов, Россия Федерациясынын Элчилигинин өкүлү Алексей Пойда, ошондой эле бир катар билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.

Ачылыш аземинде Надира Джусупбекова заманбап билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү менен катар окутуунун сапатын жогорулатуу, мугалимдердин кесиптик өсүшүнө шарт түзүү жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу маанилүү экенин белгиледи.

Бишкекте кыргызстандык жана россиялык педагогдордун эл аралык форуму өтүүдө

Форумдун негизги максаты — экосистемалык жана системалык-ишмердүүлүк ыкмаларын билим берүү процессине интеграциялоо аркылуу педагогдордун компетенцияларын өнүктүрүү жана кесиптик өз ара аракеттенүүнү күчөтүү.

Бишкекте кыргызстандык жана россиялык педагогдордун эл аралык форуму өтүүдө

Белгилей кетсек, кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанда тогуз мектеп курулууда. Алардын бүтүрүүчүлөрүнө эки өлкөнүн аттестатын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле республикадагы билим берүү мекемелерине орус тили жана адабияты боюнча 651 миңден ашуун адаптацияланган окуу китептери жеткирилген.

Мындан тышкары, учурда Кыргызстанда «Россиялык мугалим чет өлкөдө» жана Евразиялык лицей сыяктуу эл аралык долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер