РОССИЯ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ПРАКТИКУМУ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
- 12.05.2026
- 0
Кыргызстан менен Россиянын билим берүү кызматкерлеринин Уфа шаарынын М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде 26-апрелден 30-апрелге чейин тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган иш-чарасына кыргызстандык делегациянын курамында ректордун атайын жиберүүсү менен Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору, “Мугалим” журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова катышып келди.

“Улуу агартуучу И.Арабаев билим алган Уфа шаарында өткөн кыргызстандык жана россиялык педагогдордун кызматташуусуна кеңири жол ачкан иш-чаранын алкагында 2026-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Россия Федерациясынын Агартуу министри Сергей Кравцов жана Башкортостан Республикасынын башчысы Радий Хабиров жолугушту. Иш-чара Россия Федерациясынын Агартуу министри С.Кравцовдун демилгеси менен уюштурулган.

Кыргызстанда курулуп жаткан тогуз мектептин курулуш иштери боюнча кеңейтилген эки тараптуу жыйын өттү. Анда мазмундук багыты 12 жылдык билим берүүгө багытталган орус тили китептерин жаңы талаптарга ылайыктоо жана педагогдорду даярдоо маселелери каралды. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага Россия Федерациясынын агартуу министри С.Кравцов Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн иштелип чыккан “орус тили” окуу китептерин жана башка предметтер боюнча орус тилиндеги окуу китептерди алуу боюнча сертификатын тапшырды.


Эки тараптуу жолугушуу, тажрыйба алмашуу иш-чарасы башкыр элинин улуу агартуучусу Мифтахетдин Акмулланын эстелигине гүл коюу менен башталды.


Иш-чараны башынан аягына чейин М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов жетектеди.


Расмий иш-чарага Кабардин-Балкар жана Карачай-Черкесс Республикаларынын педагогикалык кызматкерлери да катышты.


М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде «Манас-Урал» кыргыз маданият жана билим берүү борбору бар экендиги, ошондой эле окуу жайда “кыргыз тили жана адабияты” адистиги боюнча болочок адистер даярдалып жаткандыгы биз үчүн кубанычтуу жаңылык болду.

Учурда аталган университетте кыргызстандык 200 студент билим алып жатышыптыр. Алардын айрымдары менен жолугушуп, окуулары тууралуу пикир алмашууга жетиштик.

Төрт күнгө созулган практикумдун программасында тажрыйба алмашуу багытындагы иш-чаралар, интерактивдүү лекциядар, тегерек столдор, дискуссиялык аянтчалар, мастер-класстар, ачык сабактар, тренингдер, жолугушуулар, диалогдор, топтук иштер, иштиктүү оюндар, ошондой эле мектептерге, университеттин структуралык түзүмдөрүнө, лабораторияларга, колледжине жасалган экскурсиялар камтылды. Акмулла университетинде изилденип жаткан илимий долбоорлордун презентациялары жасалды. Алардын катарында “Ысык-Көл облусунун жана ага жакын аймактардын флорасы жана фаунасын комплекстүү биологиялык изилдөө”, “Кыргыз Республикасынын орус тилдүү мектептерин “Орус адабияты” боюнча кошумча билим берүү программалары менен илимий-методикалык камсыздоо модели” сыяктуу илимий долбоорлордун иштелип жаткандыгы көңүлдү бурдурду.
Расмий иш-сапардын экинчи күнүндө жогорку окуу жайдардын өкүлдөрүнө Педагогика институтунун ишмердүүлүгү тааныштырылды. Аталган институтта 6 кафедра жана алардын алдында колледж иш жүргүзөт экен. Институттун директору Ирина Боронилова жана кафедра башчылары менен эки тараптуу кызматташуу, биргеликте илимий жана практикалык иш-чараларды, конференцияларды өткөрүү, академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу, кош дипломдуулук программасында иш алып баруу, биргелешкен илимий макалаларды, окуу куралдарын жазуу ж.б. боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Иш-чаранын алкагында университеттин В.А.Садовничий атындагы “Кванториум” технопаркы, Универсалдык педагогикалык компетенциялар борбору, Евразия илимий-билим берүү борборунун IQ паркы көрсөтүлүп, ЖОЖдор аралык студенттик кампустун макети, “Аврора” таланттарды өнүктүрүү борбору, “Берлога” киберфизикалык инновациялар чеберканасы менен таанышуу жүрдү.
Расмий иш-чарада Кыргызстандын билим берүү тармагындагы аймактык алдыңкы жетекчилерге Россия Федерациясынын Агартуу министринин ыраазычылык каттары жана жалпы катышуучуларга Практикумдан өткөндүгү тууралуу сертификаттар тапшырылды.
Ошондой эле “Урал баатыр” китебинин кыргыз тилине которулган варианты, Башкыр мамлекеттик университетинин окумуштуулары тарабынан даярдалган “Русский язык в системе образования Кыргызстана: современное состояние и перспективы развития”, “Экспериментальная и практическая геграфия”, “Исследовательская деятельность в начальном общем образовании” монографиялары жана окуу китептери жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө белекке берилди.
Практикумдун алкагында маданий экскурсиялык иш-чаралар уюштурулуп, кыргызстандык делегация №3 А.Горький атындагы гимназиянын ишмердүүлүгү менен таанышып, жаш педагогдордун ачык сабактарына катыштык. Мындан тышкары, Башкортостан Республикасынын Улуттук музейинде, М.В.Нестеров атындагы көркөм сүрөт музейинде, Минигали Шаймуратов атындагы аскердик даңк музейинде, ошондой эле Опера жана балет театрында болдук.
Эки мамлекеттин ортосунда өткөрүлгөн мындай маанилүү жана масштабдуу окуу, таанышуу, тажрыйба алмашуу иш-чарасы билим берүү системасынын бардык тепкичтери боюнча эл аралык кызматташууну чыңдоого жана өнүктүрүүгө карата алгылыктуу салым болду деп эсептейбиз.
Рахат СУЛАЙМАНОВА, Ж. Баласагын атындагы КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору, “Мугалим” журналынын башкы редактору
Комментарийлер