ЖРТга КОШУМЧА КАТТОО 16 ЖАНА 20-МАЙДА ӨТӨТ

  • 12.05.2026
  • 0

Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) кошумча каттоо 16-май жана 20-май күндөрү Бишкекте жана өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоо ЖРТ өткөрүлө турган борборлордо — тест өтүүчү мектептерде саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Ар бир район же шаар боюнча каттоо жайлары тууралуу маалыматты мектептерден же райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн тактоого болот.
Быйылкы тестирлөө эки этап менен өтөт: — I этап: 17–19-май; — II этап: 21–23-май.
ЖРТга катышуучу 16 жаштан жогору абитуриенттер өздөрү менен паспорттун түп нускасын, тестке кирүү талонун жана көк сыялуу калемди алып келүүгө милдеттүү.
Ошондой эле уюштуруучулар “Түндүк” тиркемесиндеги электрондук документтер ЖРТга кирүүгө жарактуу документ катары кабыл алынбай турганын эскертет. Себеби тест учурунда уюлдук телефон, смарт-саат жана башка электрондук байланыш каражаттарын колдонууга тыюу салынат. Танапис маалында дагы электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүүгө уруксат берилбейт. Ушуга байланыштуу борборлордо накталай акча же банк картасын алып жүрүү сунушталууда.
Эске салсак, 2012-жылдан тарта ЖРТ менчик түрүнө карабастан Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү сынак болуп эсептелет.

Бөлүшүү

Комментарийлер