№19 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ №19 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАТТОО АЧЫК!
- 07.05.2026
- 0
Жаркын келечек үчүн эң мыкты лицейге тапшырыңыз!
Окуу жайдын материалдык базасы: Биздин окуу жайга келсеңиз Сизге төмөндөгүдөй ыңгайлуу шарт тар түзүлгөн: Лицейдин окуу корпусу Алтымыш айылында жана филиалы Кемин шаарында жайгашкан. Лицейде 150 орундуу ашкана, кыргыз, орус тилдериндеги тиешелүү адабияттар менен 2 китепкана, чоң актовый зал, 2 компьютердик класс, спорттук секциялар өткөрүлө турган спорт зал бар.
Окуучуларды окутууга:
— 12 жалпы билим берүү аудиториясы;
-2-лаборатория;
-10-өндүрүштүк өнөркана (ширетүүчү тигүүчү, кондитер цехи, слесардык цех). Айдоочуларды даярдоо үчүн атайын ПДД, ОБД, автомобилдин түзүлүшү кабинеттери, заманбап компьютер, тренажерлор (симуляторлор) колдонулат. Автомобилди айдоо үчүн автодром бар. Төмөнкү техникалар трактор, автомобиль айдоо кызматтарын тейлешет.

2 жылдык окууну аяктагандарга жалпы орто билим жөнүндө аттестат жана кесиптик диплом берилет. Жакшы окуган окуучулар стипендия алат. Окуучулар бир маал ысык тамак менен камсыздандырылат. 10 айлык окууну аяктагандарга кесиптик диплом жана «С» категориясындагы автомобиль айдоочу күбөлүгү берилет.Жакшы окуган окуучулар стипендия алат.
2026-2027 – окуу жылына карата төмөнкү кесиптер боюнча кабыл алууну жарыялайбыз!
- Ашпозчу-кондитер, наабайчы – 2 жыл;
- Электр жана газ менен ширетүүчү, «B» категориясындагы автомобиль айдоочу – 2 жыл;
- Автотранспорттук каражаттарды ондоочу слесарь, «В» категориясындагы автомобиль айдоочу – 2 жыл;
- МКТны эксплуатациялоо боюнча адис (Компьютерди тейлөө кызматынын оператору) – 2 жыл;
- Жаныбарларды ветеринардык жактан кароо боюнча оператор, «В» категориясындагы автомобиль айдоочу. – 2 жыл;
- Ашпозчу (реабилитациялык) тайпасы. 10 айлык. 14-18 жашка чейин.

ОКУУ ЖАЙЫНА КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:
-Директордун наамына арыз.
-Жалпы орто билим жөнүндө аттестат жана жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк.
-Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
-Ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү.
-086 формасындагы медициналык справка.
-063 формасындагы справка.
-3х4 өлчөмдөгү 4 сүрөт.
-Жашаган жери тууралуу справка.
-Үй-бүлө курамы жөнүндө справка.
Дареги: Кемин району, Алтымыш айылы, Султанбаева көчөсү, 4; Филиал: Кемин шаары, Ленин көчөсү, 86.
Сурап-билүү телефону: 0(705)704 147;
0(997)999 056
Электрондук дареги: [email protected]
Комментарийлер