ЖИГЕРДҮҮ ЖАШ МУГАЛИМ ЖУНУСОВА ЖАХАН
Жунусова Жахан Бишкек шаарындагы №21 “Энесай” орто мектебинде 10 жылдан бери жаш муундарга тарбия, билим берүүдө чыгармачылык менен эмгектенип келет.
Мектептин педагогика жамаатынын арасында мыкты педагогика катары кадыр баркка ээ. Ал күнүгө мектепке даярдоо классына жана 2 “е” классына сабак берүүгө жетишет.
«Билим берүүнүн мыктысы», райондук, шаардык мугалимдердин сынагына катышып тажрыйба топтогон.
“Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” деп аталган республикалык мугалимдердин сынагында 1-орунду жеңип алууга жетишкен.
Сүрөттө: Жаш мугалим Жунусова Жахан мектепке даярдоо классынын окуучулары менен сабактагы учуру.
Фото Ш. Өмүралиевдики
Бөлүшүү
Комментарийлер