БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДӨН БӨБӨКТӨРГӨ БЕЛЕК

  • 25.05.2023
  • 0

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин 2003-жылдагы бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык мааракесинин урматына айылдын бөбөктөрү үчүн чоң балдар аянтчасын куруп беришти.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДӨН  БӨБӨКТӨРГӨ БЕЛЕК

Аталган мектепти үч класс, тактап айтканда, жүзгө жакын окуучу аяктаган. Арасындагы 49 бала биригип, балдар аянтчасын белек кылууну чечишкен. Бүтүрүүчүлөр балдар аянтчасын куруу иштерин былтыркы жылдын күз айында эле баштаган. Айыл элине, бөбөктөргө жагышы үчүн аянтчанын ичи-сыртындагы бардык майда-барат нерселерге чейин ойлонушкан. Алсак, аянтчанын ортосунда түндүк чагылдырылган. Оң тарабы бөбөктөргө арналган болсо, сол тарабында ата-энелер үчүн машыгуу аянтчасы түзүлгөн. Оюн шаймандарынын көп түрдүүлүгү бөбөктөрдөгү өзгөчө кызыгууну жаратат. Аянтчанын сырты тосулуп, жарыктандырылган. Көрктүүлүк үчүн газон да себилген.

Бүгүнкү өзгөчө күндү белгилеп жаткан Сейит Исаевдин айтымында, балдар аянтчасын куруу идеясын жалпы айыл эли колдоп, бири суусун, бири тамак-ашын жасап келип, ачылуу аземин көпкө күтүшкөн.

«20 жылдык мааракебизде айылыбыз үчүн эмне жардам кылабыз деп көп ойлондук. Ортодо ар кандай идеялар айтылды, талкуулар болду. Айылда балдар аянтчасы жок болгондуктан, ата-энелер оюн-зоок борборлоруна балдарын алып барып, акча төлөп эс алдырып жүргөнүнө күбө болуп жүрөбүз. Ушундан улам шаардагыдай балдар аянтчасын түзүп берүүгө бел байладык. Негизи башында балдар аянтчасы бар болчу. Бирок анда бир-эки селкинчек гана орнотулган, чакан эле болчу. Ошондуктан айылдын борборунан 17 сотке жер тилкесин сурап, чоң аянтча курууну көздөдүк. Бул аянтчага жалпы бир жарым миллион сомдой каражат жумшалды. Мүмкүнчүлүгүнө жараша 10 миңден 100 миң сомго чейин бергендер болду. Айыл өкмөтү да колдоо көрсөтүп, 250 миң сом бөлүп берди. Аянтчага керектүү оюн шаймандарын сатып алганыбыз эле болбосо, калган орнотуу, ширетүү өңдүү иштерин өзүбүз эле жасадык. Айылдаштарыбыз бири суусун, бири тамагын алып келип, кумун төгө калып колдоп турушту. Бул аянтча жалпы элдин ынтымагынын аркасында курулду, биздин ынтымагыбызды дагы да бекемдеди, — дейт Сейит Исаев.

Бул 20 жылдыктардын айылы үчүн жасаган биринчи эмгеги эмес. Алар ар дайыма мектебинин, айылынын өнүгүүсү үчүн салымын кошуп келет. Маселен, былтыр мектебине 200 түп алма тигип беришкен. Айыл бөбөктөрүнө кубаныч тартуулоо максатында, Айт майрамдарында көчөмө-көчө кыдырып, балмуздак таратууну беш жылдан бери салтка айландырып алышкан. Эми бул ишти балдар аянтчасында өткөрөрүн айтышат. Албетте, булар да чек эмес, айылына жардам көрсөтүү салтын уланта беришмекчи.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер