2025–2026-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
- 19.05.2026
- 0
2025–2026-окуу жылында инновациялык мектептер долбоору өлкө боюнча ийгиликтүү ишке ашырылды. Долбоордун алкагында ар бир райондо бирден мектеп тандалып, жалпысынан 53 инновациялык мектеп иш алып барууда. Алардын айланасында 220 жалпы билим берүүчү мектептен турган кластерлер түзүлүп, өлкөнүн бардык аймактарын камтыган бирдиктүү билим берүү экосистемасын түзүүгө өбөлгө болду.
Инновациялык мектептер ресурстук жана методикалык борбор катары кызмат өтөп, кластердик мектептерге методикалык жана башкаруучулук колдоо көрсөтүүдө. Бул өз кезегинде алдыңкы тажрыйбаларды республика боюнча жайылтууга шарт түзүп жатат.

2025–2026-окуу жылындагы негизги жыйынтыктар:
Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте 7–12-класстар үчүн STEM-предметтери боюнча жаңы предметтик стандарттар иштелип чыкты;
«Окуу китеби» басма үйү менен биргеликте 7-класс үчүн математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери адаптацияланды;
PISA тестирлөөсүнө даярдык көрүү максатында STEM-дисциплиналары боюнча 15 826 мугалим үчүн 5 циклден турган окутуу-тренингдери өткөрүлдү;
220 кластердик мектеп лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыздалды. Жалпысынан 5 500 лабораториялык комплект, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук берилди;
23 инновациялык мектеп боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып, капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды;
278 инновациялык мектептин жетекчилери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, облустук усулдук борборлордун жана квалификацияны жогорулатуу институттарынын адистери трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу боюнча модулдук окуудан өтүп жатышат;
53 инновациялык мектепке стратегиялык пландоо боюнча колдоо көрсөтүлдү. Ошондой эле инновациялык мектептер кластердик мектептер үчүн каскаддык окутууларды уюштурууда;
мектептик жана жогорку педагогикалык билим берүү тармагында 16 илимий изилдөө жүргүзүлдү.
Жыл аягына чейин 53 инновациялык мектепти лабораториялык жана МКТ жабдуулары менен толук камсыздоо, ошондой эле заманбап кванториумдарды түзүү пландалууда.
Комментарийлер