2025/2026-ОКУУ ЖЫЛЫНДА ЭКИНЧИ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЭКИ БАШКА ПРОГРАММА МЕНЕН ОКУШАТ
- 12.06.2025
- 0
12 жылдык системага өткөндөр: 2018-жылы туулган жана «Наристе» программасынын 480 сааттык курсун бүтүргөн балдар түз эле экинчи класска кабыл алынат. Бул программа мектептерде, бала бакчаларда жана билим берүү борборлорунда өткөрүлөт.
Мурдагы 11 жылдык системанын окуучулары — 2024/2025-окуу жылында биринчи классты аяктаган балдар кадимки тартипте экинчи класска өтүшөт.
Бул эки топ ар башка окуу программалары менен билим алат. Алсак, 11 жылдык системанын окуучулары эски программа менен окуй беришет. Ал эми жаңы системадагы экинчи класстын окуучулары үчүн интеграцияланган сабактар жана STEM багытындагы предметтер киргизилет. Мисалы, физика, химия жана биология сыяктуу табигый илимдер бириктирилип окутулат. Бул өзгөрүүлөр балдардын билим сапатын жогорулатууга багытталган.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер