2024-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДА “МЕКТЕПТЕР 2030” ГЛОБАЛДЫК ФОРУМУ ӨТӨТ

  • 08.06.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева 5-7-июнь күндөрү Португалиянын Порту шаарында өтүп жаткан “Мектептер 2030/ Schools2030” Глобалдык форумуна катышууда.

2024-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДА “МЕКТЕПТЕР 2030” ГЛОБАЛДЫК ФОРУМУ ӨТӨТ

6-июнда Токтобүбү Ашымбаева “Мектеп системасында инклюзивдүү, адилеттүү жана плюралисттик билимди кантип жайылта алабыз?” деген темадагы панелдик талкууга катышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары форумдун катышуучуларына Кыргызстандын өкмөтү инклюзивдик саясатты жана мыйзамдарды түзүү, инфраструктураны жана ресурстарды өнүктүрүү, педагогдорду окутуу, маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана коомдук мамилени өзгөртүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды белгилегенин айтты.

“1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын саны 2022-жылдын сентябрына карата 1,5 млн баланы түзсө, ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үлүшү 2,4%  түзөт. 2022-жылы өлкөнүн 20 мектебинде педагогдун жардамчысы кызмат орду киргизилип, билимге муктаж балдар үчүн жекече окуу планы ишке ашырылууда. Учурда пилоттук долбоорго 56 мектеп катышууда», — деди Токтобүбү Ашымбаева.

Бүгүн, 7-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Португалия Республикасынын билим берүү министри Жоао Костадан (João Costa) 2024-жылы “Мектептер 2030/ Schools2030” Глобалдык форумун өткөрүү эстафетасын кабыл алат.

Маалымат үчүн:

Ага Хан Фондунун “Schools2030” программасынын максаты — билим берүү тармагын изилдөө жана 10 өлкөнүн 1000 окуу жайында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн чечимдерди издөө.

Бөлүшүү

Комментарийлер