2024-ЖЫЛЫ ГЛОБАЛДЫК ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ “БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮН” ТАЛКУУЛАЙТ

  • 08.06.2023
  • 0

7-июнда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2024-жылы Кыргызстанда “Билим берүү жана климаттын өзгөрүшү” темасында өтө турган “Schools2030” Глобалдык форумуна төрагалык кылуу милдетин алды.

2024-ЖЫЛЫ ГЛОБАЛДЫК ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ “БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮН” ТАЛКУУЛАЙТ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүүнүн, илимдин жана экологиялык тарбиянын заманбап дүйнөдөгү маанисин белгилеп, заманбап тенденцияларга ылайык, өлкөнүн билим берүү мекемелери 1-сентябрга карата санариптик билим берүү платформасына өтүүгө даярданып жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 5-июндан 7-июнга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин башында турган Кыргызстандын делегациясы Португалиянын Порту шаарында өтүп жаткан “Мектептер 2030/ Schools2030” Глобалдык форумуна катышты.

Иш сапардын алкагында Каныбек Иманалиев Порту шаарынын мэри Руи Морейра менен жолугушту. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Португалия Республикасынын билим берүү жана илим министри Жоа Маркус да Коста менен академиялык жана илимий ишмердүүлүк жаатында кызматташуу маселелери талкуулады.

Бөлүшүү

Комментарийлер