2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө буйрук

  • 09.06.2023
  • 0

2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө буйрук

Кыргыз республикасынын
Билим берүү жана илим министрлиги

«Билим берүү мекемелерин 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө»

БУЙРУГУ

№3358/1, 31.05.2023-жыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» 2023-жылдын 25-апрелиндеги №220 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикаcынын билим берүү мекемелерин 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине өз учурунда даярдоо максатында буйрук кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 токтому жетекчиликке алынып, ишке ашырылсын.
  2. Билим берүү мекемелерин 2023/2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иштөөчү төмөнкү курамдагы туруктуу штабы түзүлсүн:

К.К. Иманалиев – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, штабдын төрагасы;

У.А.Усеков – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары, штабдын төрагасынын орун басары.

Мүчөлөрү:

Абазбек уулу Расул – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Т.А. Ашымбаева – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

А.Ж. Рысбаева – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

А.Б. Найманбаев – Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы;

К.К. Акматов – Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы;

А. Баймуратова – Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы;

Г.Дж. Мамырова – Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы;

А.К. Эсенаманов – Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы;

К.А.Чекиров  – «Кут Билим» медиа борборунун директору.

  1. Билим берүү объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик башталгыч кесиптик, жогорку жана орто окуу жайларынын ректорлору менен директорлоруна, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустук усулдук билим берүү борборлорунун, Ош жана Ысык-Көл билим берүү институттарынын, Ош жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүүчү мекемелердин, балдар үйлөрүнүн, интернат тибиндеги мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн жана төмөндөгү иш чараларды аткаруу милдеттендирилсин:

— билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине даярдоо жана көзөмөлдөө боюнча туруктуу иштөөчү штабдар түзүлсүн;

— 2023-жылдын 1-июлуна чейин бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге көмүр сатып алууну Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө„ Мыйзамына ылайык иш алып барылсын.

— ар жуманын 5-күнүнө саат 12.00гө чейин министрликтин Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнө көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн конкурстук тоорук-соодалар жөнүндө маалымат берилсин. ( 62-12-20 эл. дарек: [email protected], [email protected]).

— Электр энергиясын пайдалануучу жылытуу отканаларын этап-этабы менен альтернативдүү жылуулук пайдаланууга которуу боюнча иштер улантылсын;

— 2023-жылдын 15-августуна чейин окуу бөлмөлөрүндө, жатаканаларда жана мектептерде оңдоо иштерин өз учурунда жүргүзүү боюнча бардык иш-чараларга кам көрүлсүн;

— 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бардык окуу корпустарында, жатаканаларда, жалпы билим берүү жана жатак мекемелеринде сырткы жылуулук тармактар, жылытуучу курулмалар, элеватордук түйүндөр, ички сантехника (жылуулук, суу жүрүүчү түтүктөр, канализациялар) боюнча профилактикалык алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлсүн;

— Жылуулук менен сууну эсептөөчү приборлорду орнотуу боюнча тийиштүү иш-чаралар кабыл алынсын;

— Алдыда турган кыш мезгилине карата көмүрдү өз учурунда ташып келүүгө жана отундун керектүү сандагы запасын түзүү камсыз кылынсын;

— 2023-жылдын 10-июнунан баштап 2023-жылдын 20-апрелине чейин ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 1-күнүнө карата, айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен кышка даярдыктын жүрүшү, мекемелердин күз-кыш мезгилинен өткөрүүнүн абалы жана отун камдоо боюнча пландык тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо жөнүндө министрликтин Инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнө маалымат берилсин (тел.:62-12-20 эл. дарек: [email protected] жана [email protected]);

— Электр жана жылуулук энергиянын белгиленген ченемден ашык керектелүүсүнө жол берилбесин.

  1. Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмү 2023-жылдын 20-августуна чейин билим берүү мекемелеринин алдыдагы күз-кыш мезгилин ишке даярдыгын контролдосун.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы (А.Баймуратова)

— Өз учурунда коммуналдык тейлөөгө акча каражатын ачып, бюджеттик мекемелер үчүн көмүр сатып алууга өзгөчө көңүл буруу менен акча каражатын учурунда бөлүп берсин.

  1. Балдар менен өспүрүмдөрдүн өмүрүн жана ден-соолугун сактоо, өрткө каршы коопсуздукту күчөтүү жана республиканын мектеп окуучулары, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери тарабынан техникалык коопсуздук эрежелерди аткаруу максатында тийиштүү иш-чараларды кабыл алышсын.
  2. Буйрук «Кут Билим» гезитине жарыялансын (К. Чекиров)
  3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Министр К.К. Иманалиев

Бөлүшүү

Комментарийлер