2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНА ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЖАШАГАН ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдоруна 75 КВОТА БӨЛҮНДҮ
- 22.06.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүндү.
Сынакка этникалык кыргыздар — Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары катыша алышат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2023-жылдын 21-июлу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.
Толугураак — https://edu.gov.kg/announcements/260/
Комментарийлер