2022-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН 4386 АДИС БҮТҮРҮП ЧЫГАТ

  • 18.03.2022
  • 0

Ушул тапта Кыргыз Республикасында 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдайт. Анын ичинен алтоосу мамлекеттик, он жетиси мамлекеттик эмес окуу жайлар болуп саналат. Мамлекеттик эмес ЖОЖдун үчөөсүнүн лицензиясы бар, бирок студенттери жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2022-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН 4386 АДИС БҮТҮРҮП ЧЫГАТ

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордун студенттеринин саны – 23012, мамлекеттик эмес медициналык ЖОЖдордун студенттеринин саны – 16839.

2022-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН 4386 АДИС БҮТҮРҮП ЧЫГАТ

Медициналык студенттердин жалпы санынын 77 пайызы (же 31786 студент) – чет элдиктер, анын ичинен:

— Индиянын жарандары – 14456,

— Казакстандын жарандары – 571,

— Пакистандын жарандары – 9725,

— Россиянын жарандары – 668,

— Тажикстандын жарандары – 357,

— Өзбекстандын жарандары – 5174

— башка жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары – 363,

— башка алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары – 472.

2022-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН 4386 АДИС БҮТҮРҮП ЧЫГАТ

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15308 чет өлкөлүк студент, мамлекеттик эмес медициналык ЖОЖдордо 16478 чет өлкөлүк студент билим алып жатат.

2021-2022-окуу жылында медициналык адистиктер боюнча жалпысынан 39851 студент билим алса, анын ичинен 2708 гранттык негизде, 37143 контракттык негизде окуп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы медициналык ЖОЖдорду 4386 адис бүтүрөт, анын ичинен 351 – бюджеттик негизде окугандар, 4035 – контракттык негизде окугандар.

2022-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН 4386 АДИС БҮТҮРҮП ЧЫГАТ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер