2021-2022-ОКУУ ЖЫЛЫНА ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖДОРУНА ТАПШЫРУУ

  • 11.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары Венгриянын жождорунда венгр же англис тилинде окуу үчүн венгр тарабынан жыл сайын гранттар берилет (бакалавриат, магистратура, докторантура программалары).

Эскертүү: Аталган гранттар венгр өкмөттүк Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасынын чегинде бөлүнөт. Стипендиялык программанын башкаруусун Темпус Коомдук фонду аткарат. Темпус Коомдук фонду (TPF) – бул 1996-жылы Венгрия Өкмөтү тарабынан эл аралык кызматташтык программаларын, ошондой эле билим берүү, окутуу жана ЕБке байланыштуу маселелер боюнча атайын долбоорлорун башкаруу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2021-2022-окуу жылына төмөнкү багыттар боюнча 150 орун берилет:

  • Бакалавриат программалары (65 орун): медицина, маалыматтык технологиялар (IT), инженерия, табигый илимдер, айыл чарба, коомдук илимдер, экономикалык илимдер, саясий илимдер, спорт илимдери.
  • Магистрдик программалары (65 орун): медицина, маалыматтык технологиялар (IT), инженерия, табигый илимдер, айыл чарба, коомдук илимдер, экономикалык илимдер, саясий илимдер, спорт илимдери.
  • Докторантура программалары (20 орун): бардык багыттар.

Программанын стипендиаттарына төмөнкү шарттар каралган:

  • Акысыз окуу;
  • Бардык окуу мөөнөтүнө берилген айлык стипендия: бакалавриат жана магистратура программаларынын студенттери үчүн 40 460 форинт, докторантура программаларынын студенттери үчүн 140 000 форинт.
  • Жождордун жатаканасы же турак жайды ижарага алууга көмөк (40 000 форинтке чейин).
  • Медикалык камcыздандыруу.

Көңүл буруңуздар: стипендиялык программанын катышуучулары виза алууга байланыштуу чыгымдарды, ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдарды өздөрү төлөшү керек.

Биринчи окуу жылында (биринчи эки семестрде) бакалавриат жана магистратура программаларында окуган студенттер өз университеттеринде “Венгр тили чет тил катары” предмети боюнча сабактарга катышууга милдеттүү жана экинчи семестрдин аягында ушул сабак боюнча жыйынтыктоочу экзамен тапшырышы зарыл (венгр тилинде окуп жаткан студенттерге бул талап тийиштүү эмес).

Эгерде стипендиаттар венгр тили боюнча жыйынтыктоочу экзаменден өтпөй калса, алардын айлык стипендиясы 30,000 форинтке чейин кыскарат. Эгерде стипендиаттар «Венгр тили чет тил катары» сабагына катышкандан баш тартса, алар ай сайын берилүүчү стипендиядан ажыратылышат.

Докторантурага тапшырып жаткан талапкерлер ошол эле учурда бакалавриат жана магистратура программаларына тапшыра алышпайт. Докторантура программаларына катышуу эрежелери жана документтерге коюлган талаптар бакалавриат жана магистратура программаларынын эрежелеринен жана талаптарынан бир аз айырмаланып тургандыгын дагы эске алыңыз.

Бакалавриат жана магистратура программаларына катышуу шарттары — BA MA Call for Applications 2021-2022

https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/11/BA_MA_OTM_Call_for_Applications_2021_2022.pdf

Докторантура программаларына катышуу шарттары — PhD Call for Applications 2021-2022

https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/11/PhD_Call_for_Applications_2021_2022.pdf

Көӊүл буруӊуз! Венгрияга окууга жөнөтүлгөн программанын стипендиаттары менен үч тараптуу Келишим түзүлөт, анда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, талапкер өзү жана анын өкүлү / кепили (ата-энеси же жубайы) тараптар болушат. Бул үч тараптуу Келишимге ылайык, стипендиаттар программанын эрежелерин сактап, окуудагы жетишкендиктери жөнүндө өз убагында маалымат берип, ошондой эле окуу мезгили аяктаганда Кыргыз Республикасына кайтып келип жана алган адистиги боюнча Кыргыз Республикасында 2 (эки) жыл иштеп берүүгө милдеттендирилет.

2021-2022-ОКУУ ЖЫЛЫНА ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖДОРУНА ТАПШЫРУУ

Программага катышуунун негизги этаптары

1.1. Талапкерлердин венгр https://apply.stipendiumhungaricum.hu/ онлайн-платформасында каттоо жана документтерин тапшыруу

Талапкерлер Темпус Коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасынын онлайн системасында 2021-жылдын 16-январында саат 23:59га чейин каттоодон өтүшү керек.

Программага катышуу үчүн талапкерлер https://apply.stipendiumhungaricum.hu/ онлайн-системасында каттоодон өтүп, формаларын толтуруп, жана бардык талап кылынган документтерди жүктөгөнгө зарыл.

Stipendium Hungaricum программасы боюнча толук маалымат, анын ичинде документтерге болгон талаптар, өтүнмөлөрдү тапшыруу мөөнөттөрү, ошондой эле эң көп берилген суроолорго жооптор https://stipendiumhungaricum.hu/ сайтында жайгаштырылган.

Көңүл буруңуз: толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр, ошондой эле 2003-жылдын 31-августунан кийин төрөлгөн талапкерлердин өтүнмөлөрү автоматтык түрдө чететилет!

1.2. Талапкерлердин student.edu.gov.kg кыргыз студенттик онлайн платформасында каттоодон өтүүсү жана документтерин тапшыруусу.

Министрлик 2020-жылдан тартып талапкерлердин өтүнмөлөрүн жана документтерин электрондук форматта кабыл алат. Талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасында, «Конкурстар» —> «Stipendium Hungaricum» программасына катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди 2021-жылдын 31-январында саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Азыркы учурда платформа тесттик режимде иштеп жатат; өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2020-жылдын 14-декабрында ачылат.

Көңүл буруңуз: толук эмес документтердин пакетин камтыган өтүнмөлөр, ошондой эле 2003-жылдын 31-августунан кийин төрөлгөн талапкерлердин өтүнмөлөрү автоматтык түрдө кабыл алынбайт!

  1. Техникалык текшерүү

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин (2021-жылдын 16-январында саат 23:59да венгр онлайн платформасы үчүн жана 31-январында саат 23:59да кыргыз онлайн платформасы үчүн), бардык берилген өтүнмөлөр талаптарга шайкештиги (жаш курагы жана бардык зарыл документтердин болушу) текшерилет.

Венгр жана кыргыз онлайн системаларында ийгиликтүү жана өз убагында каттоодон өтүп, программанын талаптарына ылайык бардык талап кылынган документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноосуна катышууга уруксат берилет (алдын-ала тандоо).

  1. Алдын-ала тандоо

Стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын-ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт.

Алдын ала тандоо болжол менен февралдын ортосунда өтөт.

Бакалавриат программалары үчүн:

  1. Талапкерлер тарабынан берилген документтердин негизинде натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жана тилди билүү деңгээли боюнча тандоо
  2. Сабактар боюнча тестирлөө
  3. Маектешүү

Магистратура жана докторантура программалары үчүн:

  1. Талапкерлер тарабынан берилген документтердин негизинде натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жана тилди билүү деңгээли боюнча тандоо
  2. Изилдөө сунушу (research proposal)
  3. Маектешүү

Эскерте кетүүчү нерсе, алдын-ала тандоонун бетме-бет этабына, башкача айтканда, тестирлөөгө жана маектешүүгө катышуу үчүн талапкерлердин жеке катышуусу талап кылынат.

Эгерде талапкер жеке тандоо этабы учурунда жүйөлүү, объективдүү себептер менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо, Уюштуруу комиссиясы бул этаптарды онлайн форматта өтүү мүмкүнчүлүгүн караштыра алат. Ал үчүн талапкер алдын ала Уюштуруу комиссиясынын төрагасына кайрылып, ага онлайн форматта тестирлөөдөн жана/же маектешүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү өтүнүчү менен кайрылышы керек.

  1. Сунушталган талапкерлердин тизмесин Венгрия тарапка жөнөтүү

Алдын-ала тандоонун натыйжалары боюнча, сунуш кылынган 150 талапкердин тизмеси жана Кыргыз Республикасы үчүн жалпы квотанын 20-40% өлчөмүндө резервге талапкерлердин тизмеси түзүлүп, андан кийин 2021-жылдын 28-февралына чейин бул тизмелер венгр тарабына андан ары тандоо үчүн жөнөтүлөт.

  1. Венгриянын университеттери тарабынан сунушталган өтүнмөлөрдү кароо

Талапкерлер каттоо учурунда тандаган жогорку окуу жайлардын жана программалардын артыкчылыгына (first choice, second choice) ылайык, кыргыз тарабы сунуш кылган талапкерлердин документтери Венгриянын жогорку окуу жайларына жөнөтүлөт.

Андан аркы тандоо ар бир университеттин кирүү талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык 2021-жылдын март айынан май айына чейин жүргүзүлөт. Тандоонун жыйынтыгына ылайык, жождор Темпус Коомдук Фондуна (Венгрия) жана талапкерлердин өзүлөрүнө аларды окууга кабыл алууга даяр экендиги жөнүндө маалымдашат, бирок талапкерлер университеттен мындай тастыктаманы алышы стипендия берүү боюнча акыркы чечим эмес экендигине көңүл бурабыз.

  1. Стипендия берүү жөнүндө акыркы чечим

Сунушталган талапкерлерге стипендия берүү же бербөө боюнча акыркы чечимди Венгриядагы жогорку окуу жайларынын тастыктамаларынын негизинде, Темпус коомдук фондунун Камкорчулар Кеңеши (Венгрия) кабыл алат.

Темпус Коомдук Фонду 2021-жылдын июнь-июль айларында программанын стипендиаттарына жана кыргыз тарабына акыркы чечими тууралуу жана стипендия берүү жөнүндө маалыматты жөнөтүшөт.

  1. Стипендияларды кабыл алуу, үч тараптуу Келишимди түзүү жана стипендиаттардын Венгрияга кетиши

Стипендия берүү жөнүндө акыркы чечимди алгандан кийин, талапкерлер венгр онлайн-системасында стипендияны кабыл алгандыгын тастыкташы керек жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен үч тараптуу Келишимди түзүшү керек. Андан кийин программанын стипендиаттары виза алуу жана окуу жайларына учуп кетүү иштерин уюштурууга кирише алышат.

Стипендиялык программага катышуу боюнча суроолорду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн кызматкерлерине күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин 0 (312) 62 15 19 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Ошондой эле, программага катышуу боюнча суроолорду Бөлүмдүн электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот: [email protected].

Пайдалуу шилтемелер:

Программа жөнүндө маалымат — https://stipendiumhungaricum.hu/

Бакалавриат жана магистратура программаларына катышуу шарттары BA MA Call for Applications 2021-2022 https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/11/BA_MA_OTM_Call_for_Applications_2021_2022.pdf

Докторантура программаларына катышуу шарттары / PhD Call for Applications 2021-2022 https://stipendiumhungaricum.hu/uploads/2020/11/PhD_Call_for_Applications_2021_2022.pdf

Онлайн каттоо платформасы — https://apply.stipendiumhungaricum.hu/

Университеттерди жана программаларды издөө — https://stipendiumhungaricum.hu/study-finder/

Венгрияда жашоо наркынын онлайн калькулятору — http://www.studyinhungary.hu/living-in-hungary/menu/your-costs-of-living.html

 

Бөлүшүү

Комментарийлер