2020-2021-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ 2-ИЮНДАН 13-ИЮНГА ЧЕЙИН ӨТКӨРҮЛӨТ

  • 16.04.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2020-2021-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо, ошондой эле пандемия маалында бүтүрүүчүлөрдүн саламаттыгын жана коопсуздугун сактоо максатында тиешелүү буйрук чыгарды. Ага ылайык 2020-2021-окуу жылы жалпы билим берүү уюмдарында ушул жылдын 25-майында аяктайт, ал эми 2020-2021-окуу жылы үчүн Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация ушул жылдын 2-июнунан 13-июнуна чейин КР БИМдин 2020-жылдын 11-майындагы №361/1 буйругу менен бекитилген Убактылуу жобого ылайык өткөрүлөт.  

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация (ЖМА) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча мамлекеттик аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүргөн IX жана XI класстардын окуучулары үчүн ɵткɵрүлɵт.

ЖМА ар бир жалпы билим берүү уюмунун окуу планына ылайык мектептин предметтик комиссиялары тарабынан жүргүзүлɵт.

Предметтик комиссиялар IX класстын негизги жалпы билим берүү программалары боюнча тѳмѳнкү предметтерден ЖМАны ѳткѳрѳт:

— математика (алгебра); эне тили (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик тилдери); Кыргызстандын тарыхы; кыргыз тили (орус, ѳзбек, тажик тилдеринде окутуу жүргүзүлгѳн мектептерде) жана орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептерде).

Предметтик комиссиялар XI класстын жалпы орто билим берүү программалары боюнча тѳмѳнкү предметтерден ЖМАны ѳткѳрѳт: математика (алгебра); эне тили (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик тилдери); Кыргызстандын тарыхы; кыргыз тили (орус, ѳзбек, тажик тилдеринде окутуу жүргүзүлгѳн мектептерде) жана орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн мектептерде).

Гуманитардык, табигый-илимий жана физика-математикалык багыттагы жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган жалпы билим берүү уюмдары жана айрым предметтерди тереңдетип окуткан жалпы билим берүү уюмдары тандоо боюнча предметти ѳз алдынча аныктай алышат.

Предметтик комиссиялар ар бир предмет боюнча окуучулардын учурдагы жана чейректик бааларын жана алардын туура коюлушун карайт. Предметтик комиссиялар жыйынтык бааларды чыгарууда текшерүү иштеринин, практикалык жана лабораториялык иштердин жыйынтыктарын жана окуучулардын чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алат.

Жүктөп алуу: ЖМАны өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо.docx

 

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер