2018 – ГАРМОНИЯНЫН. БИРИМДИКТИН ЖАНА ИЙГИЛИКТИН ЖЫЛЫ

  • 11.01.2018
  • 0

Чыгыш календары боюнча ит жылы толугу менен күчүнө кире элек. Тагыраак айтканда, 2018 – ит жылы 16-февралда башталып, 2019-жылдын 5-февралында аяктайт. Кытайдын астрологиялык концепциясында белгиленгендей, бул  жылы эч кандай катаклизмалар күтүлбөйт, тескерисинче, жаратылышта гармония болуп, айланада тынчтык өкүм сүрөт.

Нумерологияга кайрылсак, жылдын акыркы 18 саны (1+8) тогуз – абсолюттук гармонияны билдирет. Дагы бир жагымдуу кабар, ушул жылы адамдардын көбү өздөрүнүн өмүрлүк жубайларын таба алышат жана кээ бир адамдардын, бүтүндөй мамлекеттердин ортосунда улуу биригүүлөр күтүлөт.

Астрология боюнча караганда, 2018-жылы бардык жылдыз белгилер тынчтыкка тартылышып, руханий жактан өсүп-өнүгүүгө умтулушат. Глобалдык маанисинде, адамзат үчүн бул жыл акыйкаттыктын жана ийгиликтин жылы. Ит жылында адамдар айрым маселелерди конфликт аркылуу эмес, тынчтык менен чечип алууга умтулушат. Ошентсе да жылдын кожоюну болгон иттин курч тишин эске алышыбыз керек, анын чечилмеси  — адам канча катуу болуп, баш ийбестикке барса, кырдаал ага ошончо каршы чыгат.

Жылдын баштапкы айларында адамзаттын көпчүлүгүнө өйдө жактан ар кандай эскертүү белгилер келиши мүмкүн, мисалы, бир заматта ден соолуктун начарлап кетиши — адамдын бир нерседен жаңылып жаткандыгынын белгиси деп түшүнсө болот. Андай болбогон күндө дагы, 2018-жылы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, болгон ресурсубузду кереги жок нерселерге коротпой, денебизге кам көрүп, ден соолукту бекемдөөгө багыт алышыбыз керек. Аракет кылсак, өнөкөт оорулардан да арылсак болот. Ошондой эле ит жылы өзгөрүштүн да жылы болуп эсептелет.

Эми, астролог Андрей Перецтин ар бир жылдыз белгисине берген мүнөздөмөсүнө токтололу.

Бул жыл атак менен мансаптын аркасынан түшүү менен белгиленет, ошону менен бирге адамды өздүк утулуштарга кайгырбоого үйрөтөт, — дейт астролог ICTV ФАКТЫЛАРЫ сайтына берген эксклюзивдүү материалында.

Токту

Токтуларга 2018-жыл бизнесте болобу, аял-күйөөнүн ортосундабы, өнөктөштүк мамилелердин жакшырышына алып келет. Үй-бүлөлүк мамилелерде жана сүйүү жаатында Токтулар апрель-май айларында өзгөчө бактылуу боло алышат. Май айы ошондой эле акча маселеси боюнча да ийгиликтүү болуп саналат. Негизи эле ушул жылы сентябрга чейин Токтулардын көнүлдөрү жай болот. Ал эми сентябрдан кийин жеке авторитетинин көтөрүлүшү күтүлөт. Бул жылы алыска сапар аттангандан алысыраак болуңуз, болбой эле бир жакка жөнөп калсаңыз, өтө этият болгонуңуз оң.

Букачар

Букачар үчүн 2018-жыл өзгөчө бир толкундануунун, чыгармачылык ийгиликтин жана сулуулуктун жылы. Бул жылдыздын астында төрөлгөндөрдүн дүйнөгө жарык чачууга жана боорукерликке умтулушуна эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт. Букачарлар жумушта да ийгилик жаратышат, бирок ийгилик кээ бир кыйынчылыктар менен келет. Жылдын негативдүү  жагы – ар кандай оорулар жабышышы мүмкүн, аны менен бирге мүлкүңүзгө да этият болуңуз.Үй-бүлөдө жана бизнес-өнөктөштөрдүн ортосунда да ар кандай түшүнбөстүктөр жаралышына жол бербеңиз.

Эгиздер

Бул жылы материалдык жактан жана моралдык баалуулуктар жаатында алданып калбаңыз. Өзүңүз дагы алдабаңыз, антсеңиз, аягы өкүнүчтүү аяктайт. Эгиздерге ийгилик чыгармачылыктан, сүйүүдөн, күтүлбөгөн нерселерден жана кээ бир жагдайды тобокелге салуудан келет. Ошондой эле баланын төрөлүшү да ажеп эмес. Ден соолукту чыңдаш үчүн спирт ичимдигинен, чылым чегүүдөн баш тартыш керек. Кыйынчылыктар өнөктөштөр ортосунда байкалат, ошол себептүү кырдаалды жакшыртууга аракет кылып, байланыштарды оңдоо керек.

Бөйөн

Бөйөндөр үчүн 2018-жыл кызыктуу сунуштардын, саякаттын жана көңүлдүү жолугушуулардын жылы. Жакшы маанисин алсак, булардын жашоосу бүтпөгөн кыймыл-аракет менен коштолот. Жыл бою бөйөндөргө чоң кубанычты жакын адамдары жана чыгармачылык алып келет. Кыйынчылык жумушта күтүлүшү мүмкүн. Өтө чарчап калуудан сак болуп, көп эле майрамдай бергенден алыс болгон оң.

Арстан

Бул жылы Арстандар тез байланыш жаатында жана кыска жол жүрүүдө, ошондой эле жазуучулук жана өзүн коомго тез таанытуу менен ийгиликке жетишет. Сентябрдан кийин  үй-бүлөдө жана сүйүүдө жагымдуу жагдай жаралат. Жыл бою Арстан жалгыздыктан алыс  болуп, адамдар менен ар дайым байланышта болсо, накта жетишкендиктерди багынта алат. Бир аз кыйынчылык балдар менен болгон мамиледе, сүйүүдө жана чыгармачылыкта жаралышы мүмкүн.

Бийкеч

Бийкечтер үчүн 2018-жыл профессионалдык жактан өнүгүүнүн, тез өрчүгөн жана келечеги бар романдардын жылы. Ийгилик жеке алардын чечкиндүүлүгүнө, демилгени колго алуусуна жана кыймыл-аракеттерине жараша келет. Акча жаатында жана өзүн элге таанытууда ыраазы болушат жана өздөрүнүн баалуулуктарын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Кыйынчылык энеге болгон мамиледе жаралышы мүмкүн. Аны менен бирге анча-мынча капачылыктар жашаган орду менен байланышта болмокчу.

Тараза

Таразалар үчүн 2018-жыл башты айландыра турган кубануу менен сүйүнүчтүн жана изденүүнүн жылы. Ийгилик Таразаны бардык жерде коштойт. Алар өздөрүнүн жеке дүйнөсү жана айлана-тегеректеги адамдар менен гармонияда болушат. Өздүк кызыкчылыкты ишке ашыруу, гармония, өнүгүү, материалдык жактан пайда келүүнүн көбөйүшү Таразаларды күтөт. Кыйынчылык жакын туугандар арасында, ага-ини, эже-сиңди жана кошуналар менен болгон мамиледе байкалат.

Чаян

Азыр чаяндар үчүн руханий жактан өсүп-өнүгүү үчүн эң туура мезгил, анткени бул үчүн бардык тараптан жакшы шарттар түзүлөт. Материалдык жактан кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн, бирок ал мезгил тез өтүп кетет жана чечилет. Чаяндар ушул жылы ден соолукка өзгөчө көңүл буруулары керек. Жеке жашоодо ар-кандай күтүлбөгөн нерселер жаралып, ошондон алар самагандай бат өздөрүнө келе албай калыштары мүмкүн. Бирок баарына болгон позитивдүү көз-караш, жакшылыкка ишеним жаратуу жана өздөрүнө ишенгендик Чаяндарды ойготот.

Жаачы

Жаачылар үчүн 2018-жыл күтүлбөгөн ачылыштардын жана жагымдуу таасирленүүнүн жылы болот. Алар өздөрүнүн ичинде катылган бир нерсеге болгон шык, жөндөмүн сыртка чыгарышып, жашоодон эмне алгылары келээрин баамдай билишет. Жыл бою жаачыларга тагдыр колун сунуп, жардам берүүнүн аркасында ийгиликтерге жетишет. Жаачы шаан-шөкөт, оюн-зооктон алыс болуп, үй-бүлө менен өмүрлүк жардын достор жана кечелерден көбүрөөк маанилүү экенин түшүнүшөт. Ал эми бойдок жаачылар, бул жылы үй-бүлөлүү болууга кадам ташташат.

Текечер

Текечерлер үчүн жаңы жашоо багыттар менен чыгармачылык бийиктиктерди багынтуунун жылы. Булардын жүрөк түпкүрүндөгү ой-максаттары тездик менен ишке аша баштайт. Карьера ийгиликтүү болот. Бардык кыймыл-аракеттер коомдун ырастоосу жана ыраазычылыгы менен кабыл алынат. Текечерлер өздөрүн көрсөтүү менен кызматтан көтөрүлө алышат, болбосо азыркы иштеп жаткан ишин такыр эле башка жаатка бурса да да болот. Негизгиси – өзүнүн өнөрүн жана билгендерин жарнама кылышты үйрөнүүлөрү керек.

Суукуйду

Бул жыл Суукуйду үчүн ийгиликтүү сапардын жана өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, жаңы билим алуунун, тил жана маданияттык каада-салттарды үйрөнүүнүн кенен талаасы болуп эсептелет. Ит жылы өсүп-өнүгүү жана акча жайлуулугу менен белгиленет. Кээ бир Суукуйдулар экинчи билим алып, же кандайдыр бир курстарды бүтүрсө болот. Ушул аракеттерге байланыштуу алар өздөрүнүн жашоосун кыйла өзгөртө алышат.

Балык

Балыктар үчүн 2018-жыл күчтүү долбоорлордун жана турмуш сабактарынын жылы болот. Алар айланадагы адамдар менен жана эң катуу бизнес-өнөктөштөрү менен өз ара мамиле түзүүнү үйрөнүшөт. Балыктарды көптөгөн кыйынчылыктар коштогон, бирок ийгиликтүү карьера күтөт. Ит жылы байлык жана жеке жашоодо жагымдуу маанай тартуулайт. Жумушта бардыгы ойдогудай болуп, үй-бүлөдө да ийгилик жаралат. Ден соолук да бекем болот.

Даярдаган Рита ТЫНАЕВА, “КБ”.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер