№2 МЕКТЕПКЕ КОРЕЯНЫН ПЕДАГОГДОРУ КЕЛИШТИ
- 02.09.2019
- 0
Бишкек шаарындагы №2 жана №66 мектептин корей тилин окуган окуучулары Кореянын Бишкектеги Билим борборунун директору Ким Дэ Гван баштаган Түштүк Кореядан келген делегация менен жолугушту.
Кореялык мугалимдерге №2 мектептин окуучулары корей тилинде концерттик программа тартуулашып, корей, кыргыз маданиятын даңазалашты. Андан сырткары окуучулар “Манас” эпосунан кыргыз элин биримдикке чакырган үзүндү көрсөтүп беришти. Коноктор көркөм кол өнөрчүлүктүн түрдүү окууларына катышты.
Буга чейин ушул эле мектептин окуучулары Түштүк Кореянын студент-волонтерлору менен дагы жолугушкан. Анда Кореядан келген келечектеги башталгыч класстардын мугалимдери кыргызстандык окуучуларга сүрөт жана чыгармачылык боюнча өздөрүнүн алган билимдерин практикалашкан.
Белгилей кетсек, бул мектепте окуучуларга корей тили 2002-жылдан бери окутулуп келет.
Комментарийлер