2-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕРИН КҮЗҮНДӨ ТАПШЫРЫШАТ
- 19.05.2020
- 0
Быйыл 2-курстун студенттери бере турган кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан географиясы жана Кыргызстан тарыхы дисциплиналары боюнча мамлекеттик экзамен 2020-жылдын күзгү семестрине жылдырылды. Мындай буйрукка Билим берүү жана илим министри кол койду.
Мамлекеттеги кырдаалга байланыштуу учурда ЖОЖдордун баардыгы окуу жараянын аралыктан жүргүзүүдө. Азыр жайкы сессия башталып, экзамен-зачеттор аралыктан алынып жатат. 2-курстар болсо сессиясын гана тапшырышып, мамлекеттик экзамендерин күзүндө жаңы окуу жылы башталганда беришет.
Бөлүшүү
Комментарийлер