ЖАЗГЫ СЕМЕСТР ГИБРИДДИК ФОРМАДА БАШТАЛАТ

  • 14.01.2021
  • 0

Жогорку, орто жана баштапкы кесиптик окуу жайлары февралдан баштап окуу графигине жараша окутууну гибриддик (аралаш) формада баштайт. Даярдоонун бардык багыттары жана адистиктери боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери жана магистранттары, медициналык адистиктердин студенттери гана толугу менен реалдуу режимде окуйт. Бирок COVIDдин мутация болгон жаңы түрү Кыргызстанга жетип, эпидемиологиялык кырдаал курчуй турган болсо, окуу жайлардын баардыгы кайрадан жабылат. Анткени адистер оорунун бул түрү мурункудан дагы оор экенин жана көбүнчө жаштар ооруй тургандыгын айтышууда.

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку, орто жана баштапкы кесиптик окуу жайларында окуу процессин баштоо  үчүн үч сценарий иштеп чыкты. Эгерде COVIDдин мутация болгон жаңы түрү Кыргызстанга да жете турган болсо экинчи сценарий кабыл алынат. Анда окуу жайлардын баардыгы кайрадан аралыктан окууга өтөт.

  • Эгерде абал туруктуу болсо окуу процесси аралаш формада улана берет. Кудайдан болуп оору бизге жетпей, абал жакшыра турган болсо, анда толугу менен салттуу билим берүүгө өтөбүз. Бирок гигиеналык талаптар сакталышы керек болот, — дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров министрликте өткөн маалымат жыйынында.

Окууну гибриддик формада баштоо үчүн министрликте атайын алгоритм иштелип чыкты. Ага ылайык даярдоонун бардык багыттары жана адистиктери боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери жана магистранттары, медициналык адистиктердин студенттеринен сырткары  кенже курстардын студенттери үчүн окутуу процесси аралаш окутуу форматы менен уюштурулат. Баардык лекциялар аралыктан окулат. Атайын окутуу-методикалык материалдарды, жабдууларды жана шаймандарды колдонуу менен байланышууну талап кылбаган практикалык жана лабораториялык сабактар аралыктан окутуу режиминде өткөрүлөт. Байланыш талап кылынган учурда гана салттуу форматта өтүүгө уруксат берилет. Ал эми бакалаврларды жана адистерди даярдоо багыттары боюнча “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин”, магистрлерди даярдоо багыты боюнча “Жалпы илимий циклдин” дисциплиналары боюнча студенттердин практикалык сабактары дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен аралыктан окутуу режиминде өткөрүлөт.

“Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар жана окутуу планында каралган практиканын бардык түрлөрү жождордун жана коождордун тандоосу боюнча аралыктан же салттуу форматта уюштурулат.

ТАЛАПТАР

Окутуу салттуу форматта уюштурулган учурда студенттердин санын минималдуу болгондой кылып, сабактардын жүгүртмөсү ийкемдүү түзүлүүгө тийиш. Окуу жайлардын тандоосу боюнча студенттердин контингентин 2-3 нөөмөткө сабактарга келүүгө аныкталган жана так белгиленген күндөрү менен бөлүштүрүүгө жол берилет.

Чоң группаларды социалдык аралыкты сактоо шартында бир аудиторияда 15-20 студенттен ашпагандай кылып бөлүштүрүү сунушталат.

Танапис учурунда студенттердин баарлашуусун минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү, коридорлордо, имаратка кире бериш жерде жана аудиторияда студенттердин топтолуусуна жол бербөө зарыл.

Студенттердин арасында массалык иш-чаралар өткөрүлбөшү керек. “COVID-19” инфекциясын алдын алуу чараларын сактоо боюнча иштерди жүргүзүү (лекциялар, видео роликтер, материалдар университеттердин сайтында жайгаштырылышы мүмкүн) зарыл.

Чек арасы ачыла элек жана авиакаттамдар калыбына келтириле элек мамлекеттердин студенттери үчүн барып келүүдөгү чектөөлөр алынганга чейин окутуу аралыктан окутуу режиминде уюштурулат. Чет өлкөлүк студенттерге  окуу процессине  катышууга “COVID-19”  текшерилгенден кийин гана уруксат берилет.

СЕССИЯ ЖАНА МАМЛЕКЕТИК АТТЕСТАЦИЯ

2-курстардын студенттери үчүн “Кыргызстан тарыхы”, “Кыргыз тили жана адабияты” жана “Кыргызстандын географиясы” боюнча комплекстүү мамлекеттик экзамен 2020-жылдагы онлайн режимде жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү боюнча сунуштарды эске алуу менен аралыктан өткөрүлөт.

Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы салттуу форматта болот. Жыйынтыктоочу лекциялар жана консультациялар окуу жайлардын тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта өткөрүлөт.

Студенттер үчүн сессиялар төмөнкү алгоритм боюнча уюштурулат:

— “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин” жана “Математика жана табигый илимдер циклинин” дисциплиналары боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен дистанттык режимде өткөрүлөт;

— “Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча салттуу форматта өткөрүлөт.

САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРДИ САКТОО ТАРТИБИ

Ар бир окуу жайдын корпусунун жана жатаканаларынын кире бериш жеринде “кирүү фильтри” уюштурулушу зарыл. Ал колду дезинфекциялоо үчүн антисептиги бар санитайзер жана электрондук термометр менен (контактсыз) жабдылышы керек. “Кирүү фильтрине” жооптуу адам ар бир адамдын дене табын контактсыз өлчөп, жөтөлдүн, энтигип дем алуунун, сасык тумоонун болуусуна байкоо жүргүзөт жана ал жөнүндө кыскача сураштырат. Имаратка кирүү учурунда адамдардын ортосундагы 1-1,5 метр аралыктын сакталышын камсыздайт. Дене табы жогору болгон жана/же инфекциянын белгилери бар адамды аныктоодо кичипейил, сылык мамиле кылып, имараттын ичине кирбөөнү жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна же колл-борборго кайрылууну сунушташы зарыл.

Окуу имаратына беткапсыз кирүүгө жана беткапсыз жүрүүгө тыюу салынат. Беткапты дагы туура тагынуу зарыл. Окуу жайдын, кафедранын кире бериш жеринде беткап режимин катуу сактоо жөнүндө кулактандыруу илинип турушу керек.

Адамдардын ортосундагы аралыкты сактоо, учурашуу, көп адамдар топтолгон жерге барбоо, сабактардан кийин жана бош убакытта биргелешип убакыт өткөрүүдөн баш тартуу, массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн болтурбоо, колдун гигиенасын, жөтөл этикетин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу да зарыл. Имараттарды желдетүү жана абаны зыянкечтерден тазалоо, имараттарды, жабдууларды, инвентарларды дезинфекциялоо жана санитардык жактан таза кармоо, жатаканаларда эпидемияга каршы режимди сактоо унутулбашы керек.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер