ЖАҢЫ ЖЫЛДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК КАТЕГОРИЯЛАРЫ КАЙТАРЫЛАТ

  • 30.12.2020
  • 0

Кымбаттуу кесиптештер!

Узап бараткан жыл өлкөбүз үчүн, элибиз үчүн өзгөчө сыноонун жылы болду. Бүт дүйнөнү каптаган оорунун кесепетин биз да башыбыздан өткөрдүк, жакындарыбызды жоготтук, анын ичинде илим, билимге өмүрүн арнаган көрүнүктүү педагогдорубуздан айрылдык. Экономикабыз эңшерилди, калктын турмушунда кыйынчылыктар болду. Бирок жалпы журтубуз, анын ичинде агартуучуларыбыз дагы башка келген сыноолорду ынтымак-ырашкерлик, акыл-эстүүлүк, сабырдуулук менен көтөрдү.

Даярдыгыбыз болсо да, болбосо да пандемия шартында окуучу балдардын, студенттердин, мугалимдердин саламаттыгын ойлоп, окуу жайлардын баарын аралыктан окутууга өткөрдүк. Мунун өксүгү да болбой койгон жок, бирок бул билим берүүнүн санариптешүү процессин тездетти. Педагогдорубуз аралыктан окутуунун заманбап усулдарын иш үстүндө ыкчамдык менен өздөштүрүп, мугалимдердин өзүнчө жаңы мууну жаралды.

ЖАҢЫ ЖЫЛДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК КАТЕГОРИЯЛАРЫ КАЙТАРЫЛАТ

Окуу программасы боюнча керектүү видео сабактардын баарын даярдап, КТРКнын “Баластан”, ЭлТРдин “Илим-Билим”, “Пирамида”, “Санат ТВ”, “Ынтымак ТВ” телеканалдарынан үзгүлтүксүз берип жаттык.

Педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү процессине дистанттык билим берүү технологияларын киргизүү боюнча онлайн окутууларды өткөрдүк.

ЖАҢЫ ЖЫЛДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК КАТЕГОРИЯЛАРЫ КАЙТАРЫЛАТ

Бирок кылымдардын сыноосунан өткөн жандуу окутууга эмне жетсин! Мектептерде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге ылайык шарттарды түзүп, ушул жылдын аягында эки миңден ашык мектепти кайрадан реалдуу окуу режимине өткөрдүк.

Быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну онлайн форматта өткөрдүк. Педагогикалык багытта окуп жаткан студенттерибиздин стипендиясын 100% көтөрдүк.

ЖАҢЫ ЖЫЛДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК КАТЕГОРИЯЛАРЫ КАЙТАРЫЛАТ

Биздин он чакты окуучубуз эл аралык сынактардан күмүш жана коло медалдарды алып келип, баарыбызды кубанычка бөлөдү. Окумуштууларыбыз да мезгилден артта калбай, илимий изилдөөлөрүн улантышты.

Экономикалык кыйынчылыктарга карабай, мамлекет билим берүүгө камкордугун аяган жок. Быйыл 22 жаңы мектеп, 8 бала бакча курулду. Эки миңден ашуун мектептерибиздеги китепканаларды жаңы муундагы компьютерлер менен камсыз кылабыз.

Окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору түзүлдү.

Кесипкөй мугалимдерибиз менен аларга ишенген жана колдогон ак ниет ата-энелердин эриш-аркак эмгеги өтө оор кыйынчылыктарды жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

ЖАҢЫ ЖЫЛДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК КАТЕГОРИЯЛАРЫ КАЙТАРЫЛАТ

Жаңы жылда мамлекет жаңы мектептерди курууну, алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоону улантат. Быйыл мугалимдерибиздин кесиптик категорияларын кайтарып келүү жөнүндө чечимди Жогорку Кеңештен өткөрүүгө жетише алдык. Бул үчүн 2021-жылы республикалык бюджетте кошумча 100 млн. сом каражат каралмакчы.

Мугалимдердин колун байлап, негизги сабак иштеринен алаксыткан кагаз отчет иштерин кыскартууга жетиштик.

Бул да болсо биздин мугалимдерибиздин чыгармачылык кесиптик потенциалын көтөрүүгө шыктандырат деген ишенимдебиз.

Жаңырган жылы биринчи жолу мектеп директорлорун аттестациядан өткөрөбүз.

ЖАҢЫ ЖЫЛДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК КАТЕГОРИЯЛАРЫ КАЙТАРЫЛАТ

Мектептерде көп баскычтуу санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча “Келечектин мектеби” долбоорунун алкагында мектептер кеңири тилкелүү интернет жана керектүү компьютердик каражаттар менен камсыздалат. Мугалимдер окутуунун заманбап технологияларын өздөштүрүүнү улантат.

Алдыда билим берүү системасын модернизациялоо, мектептердеги окуу-тарбия процессиндеги формалдуулукту жоюу, ЖОЖдордун чыныгы атаандаштыгын күчөтүү, инклюзивдик билим берүүнү, кошумча билим берүүнү колдоо боюнча көп иштер турат.

ЖАҢЫ ЖЫЛДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК КАТЕГОРИЯЛАРЫ КАЙТАРЫЛАТ

Эгемен өлкөбүздүн билим-илим тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон ар бир мугалимге, жетекчиге, билим берүүгө жардам берген ар бир ишкерге алкыш айтабыз! Жаңырган жылыбыз жакшылыктардын, ийгиликтердин жылы болсун, кыял-тилектерибиз орундалсын!

Жаңы 2021-жылыңыздар кут болсун!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер