«Билим, тажрыйба, келечек үчүн!». Гапыр Мадаминовдун нарк тарбиясы

  • 05.11.2026

Бишкектеги №21 мектепте белгилүү педагог, жазуучу, агартуучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен кызыктуу жолугушуу болду.

«Билим, тажрыйба, келечек үчүн!». Гапыр Мадаминовдун нарк тарбиясы

Бул жолугушуу КР Президентинин «Улуттук нарк жана тарбия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында өттү.

«Билим, тажрыйба, келечек үчүн!» деген ураан алдында өткөн бул жолугушууга мектептин педагогикалык жамааты менен катар ата-энелер да катышты.

Гапыр Мадаминов өзүнүн сөзүндө көп жылдык педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, заманбап билим берүүдөгү актуалдуу маселелерге токтолду.

«Билим, тажрыйба, келечек үчүн!». Гапыр Мадаминовдун нарк тарбиясы

Агартуучу өз сөзүндө улуттук нарк-насилди жаш муундун жүрөгүнө сиңирүү китеп окуудан, ата-баба мурасын кастарлоодон, үй-бүлөлүк тарбиядан жана мекенчилдик сезимден башталарын баса белгиледи.

Жолугушуунун өзгөчөлүгү — ата-энелердин да активдүү катышуусу болду. Алар бала тарбиясы, үй-бүлөдөгү ата-эненин жоопкерчилиги, баланын билим алуусуна шарт түзүү жана мектеп менен биргеликте иш алып баруу боюнча баалуу ойлорду угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Мектептин мугалимдери өздөрүнүн көйгөйлүү суроолорун узатып, сабак өтүүнүн натыйжалуу усулдары жана автордук методикалык сунуштар боюнча пайдалуу кеңештерди алышты.

«Билим, тажрыйба, келечек үчүн!». Гапыр Мадаминовдун нарк тарбиясы

Иш-чаранын соңунда педагогикалык жамаат жана ата-энелер Гапыр Мадаминовго терең ыраазычылык билдиришти. Мындай мазмундуу жолугушуулар мугалимдерге дем-күч берип, ата-энелердин бала тарбиясына болгон жоопкерчилигин арттыраарына чоң жол болоору белгиленди.

Бөлүшүү